Көтөрүңкү маанай. Иммунитетти кантип көтөрүү керек?

  Мезгил

Дүйнө жүзүнө коронавирус инфекциясы кулачын жайып канчалаган жарандардын өмүрүн алууда. Адистер бул вирусту иммунитети алсыз адамдар жуктуруп алышаарын айтышууда. Ал эми бүгүн биз дал ушул Covid-19 вирусун жуктуруп албаш үчүн иммунитетти кантип чыңдоо керектигин айтып беребиз. 

  Адистердин айтымында  эң башкысы имммунитетти алсыртапай туура тамактануу керек. Себеби иммундук система 30-40 пайыз протеин жана 50 пайыз мөмө-жемиштерден турат.

Андыктан жылкы, уйдун эти жана  балыктан кайнатылган  шорпо ичүүнү сунушталат.  Муну менен катар суюктукту көп ичиңиз. Күнүгө 3-5 литирге чейин суу, компот, шире ичиңиз. Ошондой эле ачкарын жөн гана суу ичип турсаңызда натыйжалуу.  

С витамини организм үчүн өтө маанилүү. Дал ушул витамин  алмада, лимондо жана карагатта мол  болот.  

 Дарыгердердин айтымында көтөрүңкү маанай дагы иммунитеттин чыңдалышына жакшы жардам берет жана ооруп калбаш үчүн  себепчи болмокчу. Андыктан маанайыңызды түшүрбөңүз. Эч качан дүрбөлөңгө түшпөңүз, чыдамдуу болуңуз жана жакшылыкка үмүттөнүңүз, анткени иммундук система ага көз каранды.

Эгерде сиз кеңседе же үйдө иштеп жатсаңыз, бөлмөнү тез-тез желдетип, тазалаганыңыз жакшы. Маска кийип, гигиенаны сактоону да унутпаңыз.

Адистер   адамдарды өз алдынча дарылоого эмес, алгач жергиликтүү врачка же тез жардамга кайрылып, клиникада жана ошол жердеги адистер менен кеңешүүгө чакырат.  Эгерде сизде баш оору, кургак жөтөл, дем алуу, ысытма, жыттын жоголушу, алсыздык жана тердөө болсо, тезинен адиске кайрылыңыз.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *