Көзүбүзгө жаш алдык: Казакстан эли Назарбаевдин бийликтен кетишин кандай кабыл алды?

 Мезгил

 Кечээ, 19-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев күтүлбөгөн жерден президенттиктен кете тургандыгын айтып бир гана казак элин эмес, көпчүлүктү таң калтырды.

 Астаналыктар  Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев бийликти Сенат төрагасы Касым-Жомарт Токаевге берди деген жаңылыкты таңкалуу менен кабыл алышкан.  Ал гана эмес калаа тургундары көздөрүнө жаш алганын жашырышкан эмес. “Назарбаевден мындайды күткөн эмеспиз” дешет алар.

Учурда Казакстанда кечээтен бери кандай өзгөрүүлөр болду. Казак элинин маанайы кандай. Ушул туурасында сөз кылабыз.

   Мамлекет башчынын кечээки бийликтен кете тургандыгы жөнүндө видео тарагандан кийин ишене албай жаткандары да жок эмес. Астана көчөлөрүндө тыгындар, унаалар азайып, сырт көз менен караганда шаар ичи каңгырап бош калгандай.  Анткен  менен карапайым эл адаттагыдай жумуштарына ашыга бара жатышты.    Министрлер үйүндө да жумуш таңкы саат 9 да башталды.

 Шаар тургуну: “Бул жаңылыкты уккан кезде көңүлүбүз абдан бошоду. Өзгөчө Назарбаевдин “ Президент ирээтинде соңку ирээт кол коюп отурам” деген сөзү көпчүлүктүн көзүнө жаш алдырды. Элбашчыбызга терең ыраазыбыз элибиз, журтубуз аман” дейт.

Казакстанда эки адамдын башы бириккен жерде эле Назарбаевдин кечээки бийликтен кетээрин жарыялаганын айтышууда.

 “Алар 30 жыл эл башкаруу оңой иш эмес, бизге ушундай бакубат жашоо тартуулаганы үчүн рахмат” дешүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ 19-мартта Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетээрин расмий жарыялаган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *