Күзүндө айылдыктар көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок айлык көтөрүлүшү мүмкүн эмес

   Мезгил

“Экономика көтөрүлбөсө эл көтөрүлөт, айлык көтөрүлбөсө айылдык көтөрүлөт”. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.  

Өткөндө Ысык-Көлдө эс алып жүрсөм, ошол жактан пенсионерлер, врачтар жолугуп айтышты. “Сиз ачык айткан депутатсыз айтсаңыз, күзүндө сентябрь октябрь айларында айлык көтөрүлөт экенго” деп. “Ким айтты?” десем, “өкмөт башчы айтты” дешти. “Силер ишендиңерби?” десем, “биз ишендик” дешти. “Мен ишенген жокмун” дедим. Мен аларга “силер көтөрүлүшүңөр мүмкүн, бирок силердин айлыгыңар көтөрүлүшүнө ишенүү мүмкүн эмес деп айттым” дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы  Мухаммедкалый Абылгазиев 1-сентябрдан тарта  мугалимдердин айлыгы, ал эми 1-октябрдан тарта  пенсиялар көтөрүлөөрүн айткан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *