Дача СУга 3 жыл. Кабырганы кайыштырган кандуу учак кырсыгы

Мезгил

Дача СУдагы  учак  кырсыгына  бүгүн туура 3 жыл толду. Ага карабай “учактагы жүктүн ээси ким?”  деген суроонун  бүгүнкү күнгө чейин жообу аныкталбай келет. Буга чейин  Башкы прокурор  Өткүрбек Жамшитов 39 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгы боюнча   кылмыш иши кайра жандангандыгын билдирген. Ал  бүгүнкү күндө кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын гана билдирип, бул суроого туюк-табышмактуу жооп кайтарган.

Албетте, чындык капка катылган учурда, анын ордун ар кандай имиш, божомол-дөдөмөл кептер толтурат. Андыктан коомчулукта Дача-СУ кырсыгы боюнча бийлик тарабынан жаап-жашыруу аракети болуп жаткандай пикир жаралган. Эмне үчүн ички иштер министрлиги 39 адамдын өлүмүнө кайдыгер карап, алардын артындагы жакындары менен бүтүндөй кыргыз элин каратып туруп, ишти жаап койгон?!

Эске салсак, мындан туура 3 жыл мурун тагыраагы, 2017-жылдын 16-январында Гонконг—Бишкек—Стамбул каттамындагы учак  саат 07:17 чамасында «Манас» аэропортуна жакын аймактагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Анын кесепетинен 39 адам көз жумду. Каза болгондордун төртөө экипаждын мүчөлөрү, калганы жергиликтүү тургундар болчу. Көз жумгандардын эң кичүүсү 4 айлык ымыркай жана эки кош бойлуу келин бар.

Учактын бортунда ар кандай 86 тонна жүк болгон. Учактагы жүктүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалардын табылганы көптөгөн суроолорду жараткан.  

Дача СУ боюнча атайын эсепке элден да 100 млн. сомдон ашуун акча чогулганы расмий кабарланып, бирок ал кандай тартипте бөлүштүрүлгөнү тууралуу ачык маалымат берилген эмес.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *