Качкын Булатов “Чоң Казаттын” катарына кошулуп, адилетсиздикке каршы аттанды

  Мезгил

  Укук коргоочу Качкын Булатов табиятынан мыйзамсыз иштерди укса жаны жай албай, чыдабай кеткен жүрүштөрү бар экени белгилүү. Маалымат каражаттары менен интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу бир катар чиновниктерди “ууру” атап, жүздөрүн ачып келет. Коомчулуктагы терс көрүнүштөр боюнча бийликке коңгуроо кагып, айтор, жетимишке келсе да “арыдым, карыдым” дебестен алынын келишинче мыйзамсыздыктар менен алышып жүрөт.

  Өткөн аптада Качкын Булатов коомчулукка чуу көтөрүп жатышкан “Чоң Казат” тобуна барып кошулганынан кабардар болдук. Идеялары, көз-караштары дал келген экен, эми кылычты кындан сууруп, ишмердүүлүгүн баштады. Биздин кабарчыларга “жалаң ууру чиновниктерди жөн койбой, алардын жүзүн ачканга аракетимди кыла берем” деп опурулган тейде күпүлдөп алды. Чындык үчүн жанын сабаган мындай аксакалдарга дем берип, ишине колдоо кылыштын өзү да ишине стимул болот эмеспи. Качыкебиздин “бутасына” алгач кимиси илинээр экен?

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *