Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу: “Акмат Келдибеков үчүн тарых алдында ак сөзүмдү айта берем”

     Мезгил

Биздин маектеш Качкын мырза 70 жашты чамалап турган чагы. Карылык барган сайын алкымдан алганы менен жүзүнө улгаюнун сыны али кире элек. Бир сөз менен айтканда шайдоот. Өмүрүнүн бул аралыгын укук коргоочулукка арнап, чындык үчүн кара жанын карч уруп жүрөт. Биз мындай инсан менен саясат, өлкөдөгү укук коргоо жааты жана жалпы абал тууралуу сүйлөшүп жатып, анын Акматбек Келдибеков тууралуу сөз арасында агынан жарылган кебин угуп, бир эсе таңыркадык. Өмүрү саясатчылар жөнүндө чекеси жылып, жакшы пикир айтып көрбөгөн каарманыбыздан жылуу сөз кантип чыкканына кызыгып, суроо салып тургандагы кербезибиз.

–Качыке, сиз менен саясатчыларды сөз кылганда качан болбосун оозуңуздан алар тууралуу жарытылуу жакшы пикир чыкчу эмес эле. Бул жолу Акмат Келдибеков тууралуу жылуу пикир чыгып жатканы окурмандарды деле таңгалдырса керек. Анча эмне болуп кетти сизге?

–Мен силерге өмүр бою бирөөнү бир беткей жамандап жүргөндөй түс калтырсам керек. Аныгында андай эмес. Мен эми жетимишке келип алып, бирөөнү курулай жаман, бирөөнү бир беткей жакшы деп мактабайм да. Калыс позицияны кармануу менен агын актай, көгүн көктөй айтып жүрөм. Жашым сакалдуу куракка келип калды, эт-бетимен кетип кошомат кылбайм. Ушул жашта мага байлыгы да, бийлиги да бир тең! Кимдир бирөөнүн же кайсы бир саясатчынын жакшы жагын көрүп калсам көрпендечиликтен бийик туруп эле адилеттүү пикиримди айтып коем. Эч кимисине кол куушуруп барбайм, баргым да келбейт.

–Кыскарта чапканда Келдибеков жөнүндө жылуу пикириңизди аргументтештирип айта аласызбы? Же бир беткей курулай мактообу?

–Мен алгач өзүмдүн кебимди баштаардан мурун, мурдагы президент Аскар Акаевдин Келдибеков жөнүндө айтканын эсиңерге салып койбосом мага карата кошоматчылык жарлыкты такчудай болуп турасыңар. Карап көргүлө анда: Аскар Акаев кайсы бир маалымат каражаттарына маек берип жатып “Социалдык фонд 2000-жылдардын башында аябай кризиске жеткен болчу. Пенсия ун, тамеки, галош менен берилип калган. Ак үйгө күндө келип чыр салган Фомова деген аял түшүмө кире турган болгон. Ошондой учурда Акматбек Келдибековду чакырып “ушул тармакты реформа кылганга күчүң жетеби?” – деп сураганымда Келдибеков кебелбей туруп “жетет Аскар Акаевич! – деди да айткан сөзүнө туруп Соцфондко ири реформа жасай алды” – деп айтканы бар. Эми Акаевдин мындай маегине Келдибеков кандай комментарий бергенин дагы келтире кетейин:

“Ооба, Аскар Акаев айткан сөз чындык. Ал киши мени чакырып “Соцфондго реформа кылуу кажет. Менден кандай жардам керек?” – деп сураганда, мага эч ким тоскоолдук кылбасын деп сурангам. Аталган кызматка төрага болуп барганымда төрт ай пенсия берилбей, накталай акча түрүндө бере албай, туз, ун, тамеки менен берилип, шериктеш фонддорго миллиарддаган сом карыз болуп калган экен. Мен төрага болуп барганда эки күндөн кийин пенсияны ун, туз, тамеки менен бергенди токтотком. Ошондо соцфонддогу кесиптештерим “бул көп отурбайт. Азыр 4 айдын пенсиясы берилбей турса, дагы 3–4 ай кошулат. Биз акча жок ун, туз менен жаап жатпайбызбы” дешкен. Бирок, бир жыл, төрт ай дегенде пенсияны акчалай бергенге жетиштик. Бир жыл жети айда пенсияны ай сайын өз убагында бере баштадык. Мен төрагалыктан кетип жатканда 700 млн сомдон ашык акча эсепте калган. Биз каржы министрлигине насыя бере баштаганбыз. Соцфонддун тарыхында мындай окуя болгон эмес. Соцфонд өкмөткө баш ийбейт болчу.

Бир күнү Аскар Акаев телефон чалып “каржы министрлигине карызга акча берип кой. МВФдин көрсөткүчүнөн чыгып кетсин?” – деп суранган. Анда каржы министри Болот Абилдаев, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов болгон. Муну алар дагы тастыктап бере алат».

Көрдүңөрбү, мен сөзүмдү кургак кылбай Акаев менен Акмат Келдибековдун пикирлери менен бекемдедим.

Атамбаевдин учурунда да ага карата «Келдибеков салык кызматында иштегенинде өткөн айга салыштырмалуу 2 млн 300 миң сом аз түшүп калган» – деп соттошкон. Бул болбогон былжырак кеп эле. Анткени, Атамбаевдин учурунда миллиарддаган акча казынага түшпөй, анын өзүнүн жана айланасындагы уурулардын сол чөнтөктөрүнө түшүп турганына эми көзүбүз жетти го? Аныгында жогорудагы келтирилген жүйөө боюнча соттобойт, «начар иштегенсиң» – деп кызматтан алат. Кызыгы, Келдибеков салык кызматын башкарып турганда жогоруда Атамбаевдер жүйөө келтирген «бир айда 2 млн 300 миң сом аз түшүргөнсүң» – деген менен анын жетекчилиги астында жылдын аягында 139 пайызга өсүш менен чыгарганын мен укук коргоочу катары далилдүү материалдарды карап туруп ынангам.

–Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде да Москвада ачылган өкүлчүлүк боюнча айыпталганын билесизби?

–Башта айттым го, укук коргоочу катары ага карата тагылган айыптардын баарысынан кабардар болгом. Акматты Атамбаевчилер «Москвага парламенттин атайын өкүлчүлүгүн мыйзамсыз түздү» – деп каралашты. Таңгаласың, бул чечим төрага катары жалгыз гана Акматтын чечими болгон эмес. Парламент коллегиялуу орган, бул жалпы депутаттар кабыл алган чечим. Баарынан да кызыгы парламент Москвага атайын өкүлчүлүк ачуу чечимин кабыл алганда өкмөт башчы катары Атамбаев бул чечимди колдоп, атайын өкүлчүлүккө каралган акча каражатты бюджетке киргизип, ал боюнча отчёт берип, эл өкүлдөрү колдоп беришкен. Кийин Атамбаев президент болгондо өзү “мында эч кандай мыйзам бузуу жок” деп кол коюп, өкмөттүн бюджетинин аткарылышы тууралуу мыйзамга кол койгон.

–Сиз Акмат Келдибековдун ишмердүүлүгүндөгү жогорудагы 3 негизги фактыны келтирсеңиз, биз анын спикер кезинде ошол кездеги бийликтин үстөмдүгүнө карабай Таластагы «Андаш» алтын кенин эл кызыкчылыгы үчүн жаптырып салганынан кабардарбыз. Балким бул жагынан сиздин кабарыңыз жоктур…

–Жетимишке келгиче мен анча-мынчаны кантип жаза кетирип калайын? Келдибековдун ал иши Таластагы алтын кенине байланыштуу болгон. Чуулгандуу ал кен боюнча маселени укук коргоочулар жакшы билебиз. Таластагы экологиялык коопсуздукту жана жергиликтүү элдин талабы менен пикирин эске албаган «Андаш» кенине төрага катары депутаттык комиссия түздүрүп, 2011-жылы 24-июлда парламент тарабынан биротоле токтом чыгарткан да дал ушул Акмат болгон. Тагыраагы, элдин кызыкчылыгы үчүн алтын кенин жаптырып салган жападан-жалгыз спикер катары тарыхта калды. Бул жагынан сөз тизмектерин узарта берсек көбөйүп кетет. Болду, ушул жерден сөз тизгинин кыскарта турайын. Калганын алдыдагы кыл чайнаштарда учурдун күрөө тамырын кармоо менен Акмат үчүн тарых алдында ак сөзүмдү айта берем. Акмат кризистик менеджер!     

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *