Кадыр Атамбаев атасынын таламын талашып чыкты

Мезгил

Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадыр Атамбаев фейсбук баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады. Анда Атасынын эмгекчилдиги, эл үчүн жасаган иштери, укук коргоо кызматкерлеринин айлык маянасын көбөйтүп, үстүнө үй бергендиги тууралуу бир топ мисалдарды айткан. Ошондой эле 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларды “оппозициялык күчтөрдү жок кылуунун туу чокусу” катары баалады. Атамбаев жана анын тарапкерлеринин камакка алынышын “бийликке каршы турган акыркы чептин урашы” катары сүрөттөдү. Анан да мурда унчукпай «упчу» соруп келген Кадырбек заматта дасыккан саясатчыга айланып чыга келди, же анын кайрылуусун Фариддин куйруктары, фейк кулбу жазып бергенби? Айтоор Кадырбек элди азыркы бийликке мыйзамдын чегинде каршы турууга чакырды. Балакайдын мунусуна бийлик не деген реакция берер экен?

Кадырбек буга чейин да ЖМКга берген маегинде атасы бийлик тарабынан жасалган чагымдын курмандыгы болуп калганын айтып келген.

Кадырбек:

– Бул биздин ар бирибизге келип, байлап кеткиче күтүп турушубуз керек, колубузду куушуруп олтурушубуз керек дегенди билдирбейт. Бул Кыргызстандагы бардык оппозициялык топтор биригиши керек дегенди билдирет. Бардык оппозициялык күчтөр биздин өлкөнүн келечеги кыйын абалда турганын билүүсү зарыл. 2020-жылкы парламенттик шайлоодо биз – оппозициялык күчтөр утулбашыбыз керек. Биз бүгүн болуп жаткан диктатуранын өзөгүнө каршы туруп, легалдуу түрдө аларга атаандаш болушубуз керек – деди.

Коомчулук Кадырбектин кайрылуусун кадимки көрүнүштөй эле баалап жатат. Атасы камалып жатса баласы анын таламын талашышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мурда Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да кайрылуу жасаган. Атасынын баласы деген сөз бар кыргызда. Бирок 18ден ашкан баланын жасаганына атасы, атасынын канкор иштерине баласы жооп бербей турган жагдай бар. Коомчулук Кадырдын кайрылуусуна кош көңүл болбой, сөзүнүң төркүнүнө, маанисине баа берген менен атасы ойрон иш жасап, канкордук кылып жатпайбы?

Кызык жери жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап дегендей «акылдуу», «жан күйөр» Кадыр мурда кайда жүрдү экен? Кой-Ташта Атамбаев снайпер куралы менен атышып жатканда апасынын этегине корголоп, Ысык-Көлдө чардап жатпады беле? Ага караганда атасынын жанында Кой-Ташта жүргөн, тергөөнүн каскагынан коркпогон Сейтек менен Сейитбек агалары эр экен.

Кадыр айткандай Кыргызстандын бийлигине оппозиция сөзсүз түрдө керек. Ансыз жегенибиз аш болбой, тузсуз тамак сугунгандай эле болуп калабыз. Бизге кандай оппозиция керек? Албетте конструктивдүү, түптүү, элдешкис ж.б. Бирок радикалдык маанайдагы канкор оппозициянын түк кереги жок. Баш кесеринин колу канга боёлгон КСДПнын барынан жогу. Эгер опопзиция эле керек болсо Текебаевдин «Ата Мекени», Бабановдун «Республикасы» эле жетишет кыргыз бийлигине.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *