Кадыр түн качан болоору айтылды

  Мезгил

Быйыл Кадыр түн 1-июнга караган түнү болот. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалым болгондой, бул түнү мусулмандар уктабай, таңга чейин намаз окушат.

Эреже боюнча Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү өтөт.  Муфтият бул күн май айынын аягында дагы тактала турганын кошумчалады. 

 Айрым хадистерге ылайык, бул түнү сыйынуу – 1 миң ай тынбай сыйынууга барабар. Бул түндө өлкөдөгү бардык мечиттердин каалгасы ачык болуп, баяндар айтылат. Муфтияттан белгилеп кетишкендей, ооз жабууга чейин уктабай отуруу – жетиштүү болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *