Кафе, ресторандарга салык саясаты өзгөртүлөт

Мезгил

Бүгүн 5-августта Мамлекеттик салык кызматында өткөн жыйында Мухаммедкалый Абылгазиев кафе, ресторан сыяктуу тейлөө жайларына карата салык саясатын өзгөртүүнү буйруду.

Өлкөдө тейлөө, соода түйүндөрү, ресторан, кафе жана ушул багытта иштегендер жалпысынан 247 миң салык төлөйт. Анын 2145и чоң бизнестегилер. Ал эми 2323ү орто бизнес болсо, анын 242 миңи кичи бизнес.

Абылгазиев Кыргызстандагы 2145 ири бизнес бюджеттин 78 пайызын көтөрүп жатканын, ал эми тейлөө тармагы патент менен иштеп келатканын сындады. Ал эми айрым учурда ресторандардын тапкан кирешеси айрым ишканалардыкынан ашып түшөрүн, бирок алар патент жана салыктык келишим менен иштеп, аз салык төлөп жатканына наарызычылыгын билдирди.

Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев патент системасынан кетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын, тиешелүү мыйзам долбоорлору өкмөткө жана парламентке сунушталарын билдирди.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *