Кайгуул милициясы 1-октябрда тарта ишке киришет

   Мезгил

Бишкекте Кайгуул милициясы 1-октябрда ишке киришет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн жумада сынактан тандалган талапкерлер менен оозеки маектешүү болду.

Натыйжада 4 ротага 150 адам кабыл алынды. Ал эми жалпысынан кызматка 871 тартип сакчы керек.

Калган кызматкерлер дагы бир гана сынактын негизинде тандалат. Айлыктарга жана башка муктаждыктарга 197 миллион сом бөлүнгөн.

Эске салсак, бул кызмат 2016-жылы түзүлгөн. Бирок натыйжалуу эмес деп табылып, бир жылдан кийин ал жабылган болчу.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *