Кайгуул милициясына кызматкерлер талап кылынат

  Мезгил

Бишкек шаарынын кайрадан түзүлүп жаткан Кайгуул милициясына кызматкерлер талап кылынат. Мындай жарыяны   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы таркатты.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер улук, орто жана кичи жетектөөчүлүк курамга кабыл алынат.

Талаптар – жогорку билимдин жана “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүктүн болушу. Айымдардын бою 160 сантиметрден кем болбошу шарт. Документтер Чокон Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча кабыл алынат.

Эске салсак, Кайгуул милициясы кайрадан жанданууда. Ал алгач Башкы башкармалык катары Бишкек шаарында 1-сентябрдан тарта ишке киришет. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *