Кайрадан өзгөчө абал жарыяланабы? Министрликтин жообу

   Мезгил

Кайрадан өзгөчө абал жарыяланабы?  Бул боюнча  маселе бүгүн каралат. Бул тууралуу  онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыктан кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси бүгүн каралат. Республикалык штаб бул маселени талкуулайт.  

«Бүгүн республикалык штабда дагы талкуулайбыз. Көрүп жатасыздар, эң оор абалда Бишкек шары, Чүй облусу, Ош шаары, анан Ош облусу турат. Ошондуктан абалды бир жактан карабай, бардык факторлорду эске алып туруп, андан кийин өкмөттөн чечим кабыл алынат деп ойлойм», – деди М.Каратаев

Белгилей кетсек бүгүн дагы 28 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 3954 адамга жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *