Калк камындагы Халматовдун кадамдарына эл ыраазы!

   Мезгил

Калкыбызды каптаган ааламатта жалпы ак халатчандарыбыздын эмгеги атан төөдөй экенин айтпасак да белгилүү. Кудай Таалам бул кесип ээлерин жан айласы үчүн күрөшкөндөргө себепчилик вазыйпаны ыроологонун жоопкерчилик менен сезе билишип, өмүрлөрүн тобокелге салуу менен күн-түн дебей ажал менен күрөшүүдө. Мындай катмардын сап башында белгилүү кардиолог, медицина илимдеринин кандидаты Абдимиталип Халматов да бар.

Биздин маалымат сайт аркылуу алтын колдуу кардиологдун ишин алкашып, бата берген бейтаптар дубай-салам, жүрөктөн чыккан ыраазычылыгын жолдошууда. Ушул күндөрү формасына жараша дили да ак Абдимиталип агабыз жеке менчик клиникасына атың өчкүр ылаң менен жабыркаган жүздөгөн мекендештерибизди кабыл алып, каражатына кайыл болуу менен жардам берип жатканын, керектүү медициналык жабдуулар үчүн демөөрчүлөрдү таап, кара жанын карч уруп, чапкылап жүргөнү кубандырды.

Буга чейин да биздин каарман калкыбыздын саламаттыгы үчүн кирпик ирмебей иштеп келгенин билебиз. Азыркыдай оор шартта кол алдындагы кызматкерлери менен биргеликте күндү-күн, түндү-түн дебестен кирпик ирмебей, эл башына түшкөн оор күндөрдө тикесинен тик турууда. Эмгегин элге милдет кылбаган, карапайым калктын ажатын ача билген Абдимиталип агабыздын ишин көрүп-билген соң азырынча адилеттүү маанайда кыска-нуска сөз кылып койдук.

Жай турмушка кайтып келсек, бейтаптарды улам жаңы формация менен дарылаган, кыргыз медицинасынын корифейине айланган, кыргызга кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөткөн алтын колдуу агабыз жөнүндө кененирээк кеп кылууга сөз бермекчибиз. Ылайым ошол күнгө жетели.   

  Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *