Калыкбек Султанов ойгонуп, Кочкордон калайманды салууга киришти

Мезгил

Белгилүү курулуш магнаты, мурдагы жол, транспорт жана коммуникация министри, убагында Алмаз Атамбаевге кеңешчи болгон Калыкбек Султанов 2 жылдан бери өзүн реаблитация кылып, кайрадан шайлоого аттанууга бел байлады. Болгондо да бийликчил “Биримдик” партиясынын катары менен кичи мекени Кочкордон калайманды салууга киришкен чагы. Буга дейре “Авангард Стиль” курулуш компаниясында эмгектенген жана иштеп кетишкен Кочкорлук усталардын жоон тобун кичи мекенине жөнөтүп, айтор, кызыкты чындап салууга киришкен чагы.

Эми Калык агабыз канчалык жандалбаска түшүп, кол алдындагы курулушчуларын Кочкорго жибербесе деле кичи мекенинен жеңишти алдырбашы турган иш. Башкасын айтпаганда дагы карантин маалында кара Кочкор элине берген эбегейсиз миллиондору үчүн жердештери төбөсүнө көтөрүп алышса керек. А бирок, кечеки бийликтин желдети болуп, бүгүнкү бийликке “ойт берген” кадамдарына жердештери эмне дешет болду экен?

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *