Камчиев жалган маалымат таркатканы үчүн Жылдыз Жолдошева менен Ахматбек Келдибековдон кечирим сурады

Мезгил

Белгилүү куудул Жамбыл Камчиев Ахматбек Келдибеков жана Жылдыз Жолдошева тууралуу жалган маалымат таркатканын моюнуна алып кечирим сурады. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анда Жамбыл Камчиев кимдир бирөөлөрдүн калп сөзүнө ишенип Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков жана Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Жылдыз Жолдошева тууралуу соцтармактарга далилсиз маалыматтарды таркатканын айтып, эки саясатчынын кагыштырган күчтөр бар экенине ишенгенин айтат.

-Буга чейин Жылдыз Жолдошева менен Ахматбек Келдибеков тууралуу жазгандарым баары тең ушак жана жалган маалымат болуп чыкты. Мен өз сөзүн далилдей албаган адамдардын ушагына ишенип элге туура эмес маалымат таркатыпмын.

Ошондуктан, Жылдыз Жолдошевадан, ошондой эле Акматбек Келдибековдон кечирим сурайм. Экөөңөрдү “кагыштырайын” деген күчтөр бар экенине ишендим. Сиздерге ийгилик каалайм… дагы бир жолу үзүр-деп жазат Жамбыл Камчиев.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *