Камчы Көлбаев камакта калды

   Мезгил

Бүгүн, 3-ноябрда  Бишкек шаардык сотунда уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы тууралуу арыз боюнча отурум болду. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.

Маалым болгондой,  жактоочу арызын чакыртып алгандыктан ал маселе каралбай турган болду.

Эскерте кетсек Камчы Көлбаев 21-октябрь күнү Бишкектеги фитнес-клубдардын биринде кармалган. Ал Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу) боюнча шектелүүдө. Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Анын жактоочусу райондук соттун чечимине даттанып Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *