Камчыбек Ташиев: Чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды ал жакка жибербегиле!

Мезгил

Жеке иштери менен мекенибизден алыста жүргөн “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев фейсбук баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады.  Кайрылуунун тексти төмөндөгүдөй. 

Урматтуу эл журтум!

Кечээги Баткен жергесинде болгон чек ара жаңжалы ар бир кыргызстандыктын тынчтыгын бузду. Бул окуя ар бир жараныбыздын жанан анын ичинде менин да жүрөгүмдү тилип кетти. Мен азыр мекенибизден алыс чет жакта жүрөм. Баарыбызга сабырдуулук тилейм. Элимдин тынчтыгы, жерибиздин бүтүндүгү жана коопсуздугу үчүн мен кандай кырдаал болбосун баарына даярмын!

Бирок биз өз алдынча эгемен мамлекети, президент жана бийлик ээлери бар элбиз. Мамлекетти, элди-жерди коргоо  бийликтин түздөн-түз милдети. Ошондуктан биз аларга ишенүүгө мажбурбуз. Эгерде бийлик бул маселени чечүүдө алсыз болсо анда кеп башка, иш башка болот. Ал эми суранарым чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды ал жакка жибербегиле!

Чек арабызды коргоп каза болгон жоокерибиздин арты кайрылуу болсун, апасына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтамын.  Эл- журтума сабырдуулук тилеймин.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *