Камчыбек Ташиев: “Бүгүн кыйкырып жаткандар, кечээ Атамбаевдин инициативасына каршы чыгууга эрктери жеткен эмес”

   Мезгил

Бүгүн 9 пайыздык чекти ылдыйга түшүрүү керек деп кыйкырып жаткан айрым саясатчылар, бул мыйзам кабыл алынып жатканда  парламентте отурган. Бирок үн катышкан эмес. Мындай пикирин “Ата Журт” саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал жаңы шайлоо мыйзамы-кодекси тууралуу өтө көп сурап жатышканын айтып, 2020-жылы 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо 9% босогону өзгөртпөй калтырууга, саясый атаандаштыкта күч сынашууга чакырды.

Ооба, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9% болуп белгиленген. Азыркы маалда ошол босогону ылдыйга түшүрөлү деп айтып жүргөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес. Көпчүлүгү парламентте олтурушкан, эми гана айта башташты. Демек ошол маалда Атамбаевдин инициативасына каршы чыгууга эрктери жеткен эмес.  

 

Жеке мен 9% босогонун калуусун каалайт элем. Саясий атаандаштыкта күч сынашалы. Кайсы адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болот экенин эл чечсин.

 

Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин 7 пайыздан тогуз пайызга  көтөрүү мыйзам долбоору  2017-жылы кабыл алынган. Ага Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *