Камчыбек Жолдошбаев өкмөткө: Каргайын десем жалгызсын, каргабайын десем байкушсуң

Мезгил

 

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин жыйынында  өкмөткө  Нарын облусундагы айылдардагы мектептерде көмүр маселесин чечип берүү маселесин койду.  

-Кубатбек Айылчиевич, өкмөттүн мүчөлөрү числолорду катуу айтып элдин курсагын тойгузуп жатабыз, бир сөз менен айтканда “каргайын десем жалгызсын, каргабайын десем байкушсуң” дегендей болуп жатасыңар  да. Азыр мына кыш келет. Нарын облусунда тоонун баарына кар  жаай баштады. Ал жердеги мектептерге сапатсыз көмүрдү алып келип ошол жерде акимчилик башкалар келип директор менен сүйлөшүп баш ооруп жатышат. Мага 10 телеграмма келди. Анын баарын “ассолому алейкум” деп тиги жака берип койдум.  Ушуну  карап, азырынча убакыт бар 20-30 тонна көмүрун чечип берсеңер. Нарын,  Ак-Талаа, Ат- Башыда ушул маселе кыйын болуп жатат деди депутат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *