Камчыбек Жолдошбаевдин кылыктары көңүл чөгөрүүдө

   Мезгил

Эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаев оргу-баргы жүрүшкө ээ болгону, ага удаа табиятынан зөөкүрлүгү да бар экени бизге маалым. Аксакалдык куракка келгени менен азырынча токтолуу оюнда жоктой. Бир эле мисал, кадимки “Беш-Сары” соода комплексиндеги ижарачылардын ишин сындабай, жеке адамдык өң-түсүнө чейин кийлигишип, намысына тийчү сөздөрдү “балдырап” салганы, өңдүү-түстүү кыз-келиндерден кыя өтпөй, “көз кысканы” кандай?

Бул боюнча анын кол алдындагы ижарачылар кобурашууда. Биз анын дөөгүрсүгөн жүрүш-турушуна кызыгып көрбөсөк болбой калды. Элге жардам берген, колу ачык, ажаат ачкан депутаттыгында кеп жок. Эми анысын жогорудагыдай жолдо калгыр жоруктары жууп кетип жатпайбы? Биз маселеге кайдыгер карабай, өзү менен да маектешип, окуяны коомчулукка чагылдырып берүүгө бел байладык. Сакалдуу куракка келгенде арыдан-бери болушу керек да. Чынбы?   

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *