Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча башкы күбө бошотулду, анын ишине Аида Салянованын тиешеси барбы?

Мезгил

Бишкек шаардык соту шаардын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамын каттоо бөлүмүнүн мурдагы начальниги Насирбек Алмаматовго карата соттун чечимин өзгөрттү. Алмаматовго карата 2019-жылдын мартында Октябрь райсоту 12,5 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Соттун экинчи инстанциясы анын жазасын жеңилдетип, 3,3 миллион сом айып пул салуу менен сот залынан бошотту.

Насирбек Алмаматов авто унааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү алуу учурунда коррупциялык схемаларды уюштурган деген айып менен 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Айыпталуучунун пара алып жаткан видеосу коомчулукка тарап кеткен. Бирок айыпкер аны жалаа деп санап, айыпты мойнуна албай келген. Учурда авто унааларды каттоо иши менен мамлекеттик “Унаа” ишканасы алектенет.

Насирбек Алмаматов Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча да башкы күбө болгон. Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасовду айыптап келишет. Ал болсо АКШга качып кетип, баш калка сураган. Насирбек Алмаматов Чынара Жакыпбекованын билдирүүсүндө Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча Калыбек Элтуйбасовду айыптап келген. Бирок аны бул иш боюнча жоопко тартышкан эмес. Жактоочулар Башкы прокуратурага сураныч менен кайрылган учурда алар баш тартып коюшкан. Кызык жери окуя 2015-жылы болсо башкы күбө Насирбек Алмаматов 2018-жылы коррупция иши боюнча айыпталып камалып олтурат. Насирбек Алмаматовдун кармалышы мурдагы Башкы прокурор менен каршылашып калган Урмат Аманбаеванын соттолушуна окшош. Урмат Аманбаевага да кезинде иш козголуп, абакка кириптер болгон. Ал эми Алмаматовдун ишине Аида Салянованын тиешеси канчалык бар экендиги азырынча коомчулук тарабынан иликтенип жатат.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *