Камила Талиева: “Бүгүнкү күндө саясий абал чыңалууда”

Мезгил

Советтер союзунун курамында болгондо Россияны карап жалтактап турчубуз. Бүгүн да ошол психологиядан чыга элек экенбиз. Алмаз Шаршеновичтин Путинге барып жолугушуусу коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Бул тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Камила Талиева билдирди.

– Жеке пикиримде “жер жарылбады, мен кирбедим” деген кеп болду. Биз эгемендүү мамлекет болуп калыптана элек экенибиз далилденди. Бүгүнкү күндө саясий абал чыңалууда. Ушундай кырдаалда улуттун уңгусу болгон аксакалдарыбыз насаатын айтып, өз көйгөйүбүздү чече алган жокпуз. Чындыгында эгемендүүлүгүбүзгө шек кетти.

Бул жерде эки дос өз кызыкчылыгын, элдин кызыкчылыгынан жогору коюшту. Элдин пикирин биринчи орунга коюп, улуттук намыс болушу зарыл эле. Мыйзам иштебеген өлкөдө улуттук коопсуздук да коркунучта. Мамлекет башында болгон адам үч жолу суракка барбай мыйзамды тааныбай жатса, карапайым калк мыйзамды тааныйбы? – деди Камила Талиева.

Ошондой эле бүгүнкү күндөгү бийликти тааныбайм, легитимдүү эмес, шайлоо кодексинде мыйзам бузуулар болгон, миллиондогон акчалардын документтери бар деп Фарид Ниязов ачык айтып чыкты. Муну менен элдин да башын айлантып койду. Учурда маалыматтык согуштан улам, карапайым калк да ак-караны ажырата албай калганын кошумчалады мурдагы вице-премьер-министр айым.

– Биз кайда баратабыз, же түңгуюкка кабылдыкпы? Мына ушул суроолордун негизинде ой жүгүртүүбүз керек. Мисалы, Ош окуясын алып карасак, Оштогу коогалаң иликтендиби, күнөөлүүлөр жазаландыбы? Бир да киши жазаланган жок. Анын артынан көп маселе жаралды. Ошол эле Убактылуу өкмөттү, же Дача СУдагы окуяны эске салсак, канчалаган адамдар жана бейкүнөө наристелер көз жумду. Бул да изилденген жок. Дегеле 2010-жылдан берки окуяларды карасак, күнөөлүүсү да, күнөөсү жогу да камалды. Мына ушундай жообу жок суроолор өтө көп, – деди Талиева.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *