Канат Исаев: Артында 100 миңдеген эли бар партияны четтетүүгө жол берилбеши керек

    Мезгил

    Бүгүн 25-августта “кечээ БШКга “Кыргызстан” партиясы документтерди кечиктирип тапшырды” деген чыр боюнча «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев маалымат жыйын берди.   

 Анын айтымында  мындай фаворит партияны шайлоого катышуудан четтетип коюуга жол берилбеши керек дейт.

-Биздин артыбызда миңдеген шайлоочулар турат. Кандайдыр бир саясий партиялар өзүнүн кызыкчылыктарын көздөп, шайлоо комиссиясынан артында 100 миңдеген эли бар партияны  четтетүүгө жол бербеши керек. Ушул партияларды биз чакырабыз. Дебаттарга шайлоочулардын үнүн,  мыйзам жолунда талашып, шайлоочулардын добушун  акыйкаттык менен албайлыбы. “Кыргызстан” партиясын баардыгы фаворит партиялардын бири деп эсептейт. Андыктан кызыктар партиялар шайлоочулардын добушун мыйзамсыз жол менен четтетип коёлу деген аракеттерди көрүп жатышат- деди Исаев.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-августта парламенттик шайлоого катыша турган партиялар  партиялык тизмелерди БШКга саат 18:00гө чейин тапшыруусу айтылган. Ал эми бир канча активисттер жана башка партиянын өкүлдөрү «Кыргызстан» партиясы белгиленген убакыттан кеч келгенине карабай, БШК мыйзам бузуп, алардын документтерин кабыл алды деген кине коюуда. БШК бул маселени бүгүн карап, бир жыйынтыкка келери күтүлүүдө.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *