Канат Исаев: “Атамбаев элге окту өзү атты” дегенди күбөлөр да айтышууда

Мезгил

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Кант Исаев УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге “Окту коргонуучу тараптан ким биринчи атты? Кечээки каза болгон аскердин өлүмүнө кимди шектүү катары көрөсүңөр,?” деген суроосун узатты.

Бул боюнча Опумбаев: “Кырдаал боюнча сураштырдым. Баары айтып жатат 3-кабаттан ок атылган. Үчүнчү кабатта Атамбаев өзү отурган” – деп билдирди.  

Ошондой эле жыйынга так маалымат алуу үчүн чогулдук, андыктан так маалыматты эл билүүсү керектигин кошумчалады депутат.

– Жан сакчысы курал колдонбой койгондо. Атамбаевдин буйругун аткарбай жатканда, Атамбаев элге окту өзү атты дегенди күбөлөр да айтып жатат. Эл кылмышты ким жасаганын билиши керек. Коомчулукка так маалыматты жеткиришибиз зарыл – деди Исаев.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 52ге жетти.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *