Канат Исаев: Дамирбек Асылбек уулунун камалышы Атамбаев менен Назарбаевдин тирешинен улам болду

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев аталган партиянын мурдагы депутаты учурда Казакстандын абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Дамирбек Асылбек уулунун камалышы ошол кездеги  президенттер  Нурсултан  Назарбаев менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы тирештен улам болду деген ойду массалык маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде билдирди.

-Эгерде биздин депутат эмес, катардагы партиялаш кандайдыр бир кылмыш кылып, мыйзам буза турган болсо, сөзсүз түрдө партиянын жетекчилиги моралдык жоопкерчилик тартат. Ал эми Дамирбек Асылбек уулу боюнча айтып кетсек, өзүм барып келдим. Мен көп иштерине катыша алган жокмун. Анткени өзүм ал учурда  абакта отуруп калдым. Анан абактан  чыгып чек арадан чектөө алынгандан кийин өзүм барып сотко катыштым. Мен ойлойм, тилекке каршы Дамирди мыйзамсыз жоопкерчиликке тартып жатышат. Менде күмөн гана бар бул балким кандайдыр бир ниети гана болсо керек. Биринчи жолу барып сүйлөшүүлөрдү баштаса, ошол боюнча да да күмөн. Ал эми аткезчилик боюнча жалган маалымат менен жоопкерчиликке тартылып жатат. Бул ошол кездеги эки өлкөнүн  президентинин Атамбаев менен Назарбаевдин  тирешиненго деген менде божомол бар. Анткени ошол жерде сотко катышканда күбөлөрдү уктук. Ошол эле Казакстандын укук коргоо органдарынын жетекчилеринин же болбосо өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүнөн көрдүк дейт- Исаев.  

 Белгилей кетсек,  Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган.

Эске салсак,  2018-жылдын 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу максатында атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны да болгон. Анын бири – Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип колго түшүшкөн.

Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, 16-апрелде депутаттык мандатынан ажыратылган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *