Канат Исаев Ширинди неге сотко берет?

   Мезгил

Ширин Айтматова депутат Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде Кыргызстандагы биринчи кыргыз китепканасынын имаратын жер тилкеси менен кошо сатуу боюнча документке кол койгондугу боюнча айыптап чыккан. Жакында Канатбек Исаев Ширин Айтматованы сотко берүүгө камынып жаткандыгы тууралуу маалымат тарады.

«Канат Исаев тааныштар аркылуу сотко берерин айттырыптыр. Сотко даярданабыз!

Коррупциялашкан соттук системанын кезектеги курмандыгы болуу, албетте, мени кызыктырат. Исаев, Сабира Турусбекованын тагдырын кайталышыма ишенип жатат го», – деген билдирүүлөрдү Ширин Айтматова социалдык баракчасына жазып калтырган.

Сабира Турусбекованын тагдыры

Ширин Айтматова айткан Сабира Турусбекова Токмок мэриясынын алдындагы маданият бөлүмүнүн башчысы болуп турган. Кыргыз тарыхындагы биринчи китепкана боюнча соттук иштин аягына чейин чыга албай, эки жолу инсульт алып, көз жумган.

Ширин Айтматова видео материалда Владимир Путиндин иш сапары алкагында Кыргызстан менен Орусиянын маданий жана тарыхий жалпылыгын талкуулоо ага Турусбекованы эсине салганын белгилеген. Эр жүрөк аялды издеп таап, тарыхий эстеликтин сакталышына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирели дешкен. Тилекке каршы, анын бул жашоо менен кош айтышканына эки жылдын жүзү болгон экен.

Токмок мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысы Сабира Турусбекова ошол кезде: «Чыныгы кардар – шаардык кеңештин депутаты Роза Машалаева, ал эми Кенжекараев – болгону анын чарба кызматкери» деп айткан. Анын айтымында, сатылып кеткен тилкеге депутаттын сауна же мейманкана курайын деген планы болгон.

2010-жылы Турусбекова прокуратурага арыз жазып, Жогорку сотко, Башкы прокурор Аида Саляновага, ал тургай президент Алмазбек Атамбаевге дагы кайрылган. 2010-жылдын 25-июнунда Чүй облусу боюнча финполициянын тергөөчүсү, ага лейтенант Б. М. Касымалиев Токмоктун мурдагы мэри Кадырбек Имамадиевге «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча жана экс-мэр Канатбек Исаевге «кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу №084103073-токтомун киргизген. Чүй район аралык жана Чүй облустук соттору мэриянын китепкананы сатуу боюнча токтомун жокко чыгарышкан.

Маалымат үчүн

Токмок шаарынын китепканасы – Кыргызстандын аймагындагы алгачкы  уюшулган китепканалардын бири. Аны 1912-жылы биринчилерден болуп көчүп келген орус улутундагылар түптөгөн. Китепканада учурунда 36 миңден ашуун китеп сакталып турган. Айтматова Токмоктон чыккан бир далай көрүнүктүү инсандар дал ошол китептерди окуп, өсүшкөнүн белгилеген.

2008-жылдын 13-мартта Токмок шаардык кеңеши өз токтому менен китепкананы социалдык инфраструктуралардын тизмесинен чыгарып, турак эмес жайлардын категориясына кошкон. Токмок шаардык кеңештин төрагасы Калыбек Качкыналиев буга кол койгон. Китепкананын жалпы аянты – 550 чарчы метр.

2010-жылдын 9-апрелиндеги №121 -токтом менен Токмок шаарынын ошол кездеги мэри Канат Исаев китепкананын имаратын Ж. Кенжекараевге 572 миң 116 сомго сатып жиберген. Ошол жылдагы доллардын курсу менен эсептегенде 1 доллар – 44,94 сомго барабар болгон. Ал эми шаардын ортосундагы бир чарчы метр жерди болгону 23 долларга баалашкан – деп билдирген Ширин Айтматова.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *