Канат Сагымбаевди 1-СИЗОдо “пресстешеби”?

 Мезгил

Алмазбек Атамбаевди акыркы күндөргө чейин коргоп келген мамлекеттик жансакчысы Канат Сагымбаевди 9-декабрга чейин 1-СИЗОдо калтыруу чечими кабыл алынды. Анын жактоочусу «Сагымбаев аскер кызматкери болгондуктан ал гауптвахтада кармалышы керек» деп айтууда.

УКМКнын жеке коопсуздук кызматы Канат Сагымбаев боюнча эки кызматтык тергөө жүргүзгөн. Анда Сагымбаев июль айында кызматтык куралды тапшыруу буйругуна баш ийбей, кайтаруу объектиси жок учурда да атайын техниканы гаражга кайтаруудан баш тарткан. Натыйжада ага толук эмес кызматтык шайкештик айыбы жарыяланган. Ошондой эле 2019-жылдын сентябрь айындагы кызматтык тергөөнүн жыйынтыгында УКМКнын ички инструкциясына каршы келген аракетти жасап, ЖМК менен мыйзамсыз байланышкан фактысы аныкталган.

Атамбаевге каршы көрсөтмө алуу максатында жансакчыны 1-СИЗОдо кармоонун өзү шек жаратат. Буга чейин ал жерден Фарид Ниязовго карата кысым көрсөтүлүп жатат деген маалымат тараган. Кийин бул маалыматты Ниязов төгүндөгөн. “Ярмарка” соода түйнүнүн алдында чыккан мушташтын айыпкерлери Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдорду да ушул 1-СИЗОдо камералаштары колдорун толгоп, катыгын беришкен. Эми жан сакчыны ал жерге “сынаганы” алып барышууда деген каңшаарда чындык бардай сезилет.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *