Каникул учурундагы мугалимдердин эмгек акысы төлөнөт

Мезгил

Каникул учурундагы мугалимдердин эмгек акысы төлөнөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой,  2020-жылдын 1-январдан 13үнө чейинки күндөр үчүн айлык төлөнөт. Өкмөттүн токтомуна ылайык, мектеп педагогдорунун маянасы иш жүзүндөгү иштеген сааттары боюнча саналат. Учурда январь үчүн билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине айлык төлөө боюнча эсептөөлөр баштала элек. Иш убактысын эсепке алуучу табелдер тапшырылгандан кийин маяна бериле баштайт.

Мындан тышкары, майрам күндөрүнө туш келген сабактар кошумча жүгүртмө менен милдеттүү түрдө өтүлүүгө тийиш.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *