Каныбек Иманалиев жөнүндө “страшный” фактылар

   Мезгил

   Бишкектин так ортосундагы, тарыхий мааниси бар делген “Эркин-Тоо” басмаканасы бузула баштады. Анын ордуна көп кабаттуу үй курулат деген маалымат бар. Учурунда “Эркин-Тоо” өлкөдөгү “№1 басмакана” деген атка ээ болуп турган.

Тарыхий имарат

“Эркин-Тоо” 1931-жылу курулган. Кыргызстандын алгачкы гезиттери ушул басмакандан басылып турган. Бул имаратта 1941-жылы атактуу Панфилов дивизиясы түзүлүп, штабы жайгашып турган. Атактуу Панфиловдук дивизия ушул имараттын алдынан темир жол вокзалына чейин жөө жүрүш жасап, ал жерден фронтко аттанышкан.

Каныбек Иманалиевдин “Эркин-Тоону” менчиктештирүүдөгү “махинациясы”

Каныбек Иманалиев 1994-1999-жылдары президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болуп иштеген. 1999-жылы мамлекеттик “Учкун” басмаканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы, кийин башкы директору болуп дайындалат.

2001-жылы сентябрда Мамлекеттик мүлк комитети  Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Эркин-Тоо” басмаканасын жеке менчикке сатуу жарыясын “Учкун” басмаканасында басылуучу “Эркин-Тоо” гезитине берет. Каныбек Иманалиев “Учкун” басмаканасынын директору болуп туруп  ал жарыяны “Эркин-Тоо” гезитинин бир гана экземплярына бастырып, калган миңдеген экземплярларына бастырбайт. Андан сырткары өзүнүн жеке менчик “РИФ” гезитинин 1 эле экземплярына да ал жарыяны бастырып, 2 экземпляр гезитти Мамлекеттик мүлк комитетине берет.  Ошол эле айда “Эркин-Тоо” басмаканасынын 40% үлүшү 1 миллион 230 миң сомго сатылат. Ал учурда Мамлекеттик мүлк фондун Садриддин Жээнбеков жетектеп турган. Сатып алган фирма “ЭниК” ЖЧКсы деп аталып, Т. Шабданов негиздөөчүсү болгон. Ал эми Жогорку Кеңеш “Эркин-Тоону” жеке менчикке сатууга уруксатты 2002-жылдын 31-январында гана берген.

Ал эми 2002-жылы август айында “Эркин-Тоо” басмаканасынын калган 40,6% мамлкеттик үлүшү 2 миллион 100 миң сомго жеке менчикке сатылат.

2015-жылы менчиктештирилген “Эркин-Тоо” ААКнын акционерлери төмөнкүлөр болгон:

1) Шабданов Т.Б. (мурдагы Кара-Балта шаарынын мэри) – 9,35%;

2) Усубалиева Г.У. (Шабдановдун жубайы) – 21,23%;

3) Кулматова Ш.О. (Иманалиевдин жубайы) – 17,60%;

4) Жапаров Ж.Ж. – 12,77%;

5) Маханов А.С. (“Elite House”) – 17,50%;

6) Т.А. Файзиев Т.А. (“Elite House” – директор) – 17,50%.

Укугу тебеленген бизне-ледилер

2003-2010-жылдары Чынара Амантурова жана Гүльмира Жунусова аттуу ишкер айымдар “Эркин-Тоонун” имаратынан мыйзамдуу негизде 820 чарчы метр жерге ээ болушуп, “Medistom” жана “OnClinic” деген медициналык борболорду ачышып, имаратка капиталдык салым сала башташат. Бирок алардын ишине Иманалиевдин “куруучулары” жолтоо болушуп, имараттын чатырын бузуп салышат. Соттук териштирүүлөр башталат.

 “Elite House” курулуш компаниясы кайдан пайда болду?

Тимур Файзиев алгач жогоруда аты аталган эки айымга 3-4 жылдан кийин курула турган имараттан тиешелүү аянт берүүнү сунуш кылат. Кийин аларга тиешелүү 27 сотых аянтты 25 сотыхка чейин кыскартып, коркутууларды жүргүзө баштайт. 2018-жылы “Medistom” жана “OnClinic” ишканалары соттук териштирүүлөрдө 3-жак болуп калгандыктарын билишет. Эки айымга берилген жер үлүштөрү тууралуу Мамлекеттик актыларды сот аркылуу жокко чырагуу аракеттери жүрө баштайт.

Каныбек Иманалиевди колдогон Мадинят министрлиги

“Эркин-Тоонун” имараты бузула башташы боюнча ЖМК өкүлдөрү Маданият министрлигине коңгуроо кагышат. Алар Каныбек Иманалиевдин таламын талашып, “Эскилиги жетип, чирип бүткөн имарат, бузбаса болбойт” деп жооп беришет. Көрсө Маданият министри Азамат Жамангулов парламенттеги “Ата Мекен” партиясынын, жердеши Садык Шер-Нияздын колдоосу менен министр болгон экен.

“Эркин-Тоону” тарыхий тизмеден чыгарып берген Темир Сариев

“Эркин-Тоо” 2015-жылга чейин тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесиндеги имарат катары мамлекеттин кайтаруусунда туруп, аны бузуп, ордуна элиталык коммерциялык үйлөрдү салууга уруксат берилбей келген. 2015-жылы сентябрда премьер-министр Темир Сариев “Эркин-Тоонун”  имаратын Тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен чыгарып, элиталык коммерциялык үйлөрдү салууга жол ачып берген.

Козголгон кылмыш иштери кайда жоголду?

“Эркин-Тоону” мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча 2006-жылы №151-01-60 сандуу кылмыш иши козголот. Бирок анын эмне себептен жабылып калгандыгы белгисиз. Кыязы Каныбек Иманалиев укук коргоо органдарынын эбин таап койсо керек. 2016-жылы 26-октябрда Бишкек шаардык прокуратурасы “Эркин-Тоо” басмаканасын мыйзамсыз менчиктештирип алуу фактысы боюнча мурун ачылган кылмыш ишин кайра жандандырганын журналисттерге билдирген. А учурда болсо “Эркин-Тоо” көп кабаттуу имарат куруу үчүн бузууга алынды. Кылмыш иши токтотулдубу, же Каныбек Иманалиев “капкандан” кайрадан бошоп кеттиби?

Мыйзам бузган киши эртеби-кечпи жазасын алышы керек

Биз борбор шаарыбыздын көркүнө чыгышын, заманбап имараттардын курулушун колдойбуз. Бирок баары мыйзамга ылайык, рейдерлик басып алууларсыз, адилеттүү жүрсө гана. Депутат Каныбек Иманалиев тууралуу айта турган пикирибиз:

1) “Эркин-Тоону” менчиктештирүүдөгү мыйзамсыз иштери далилденсе депутат Каныбек Иманалиев сөзсүз түрдө мыйзам жообуна тартылышы керек. Бул ишти УКМК, Башкы прокуратура көз жаздымда калтырбашы керек.

2) “Эркин-Тоону” тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен чыгарышкан Темир Сариев жана Каныбек Иманалиевдин кыңыр иши укук коргоо кызматкерлери тарабынан териштирилиши зарыл.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *