Каныбек Иманалиевдин “Каганат” аттуу китеби англис тилинде жарык көрдү

      Мезгил

    Кембридж университетинде Каныбек Иманалиевдин Улуу Британияда англис тилинде басылып чыккан «Каганат» китебинин бетачар аземи болуп өттү.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, адегенде Евразиялык чыгармачыл гильдиянын төрагасы Марат Ахмеджанов сөз алып, китеп жөнүндө кыскача оюн айтты.

Андан соң Евразиялык чыгармачыл гильдиянын чакыруусу менен барган депутаттар Каныбек Иманалиев менен Садык Шер-Нияз да бул китеп тууралуу өздөрүнүн ойлорун билдиришти. Иш-чара андан ары «Кыргыз Республикасынын парламентинде болгон өнүгүүлөр» аттуу дискуссия менен уланды.

Иш-чарага Индия, Пакистан, Кытай, Жапония, Казакстан, Кыргызстан, Улуу Британия жана Европанын бир катар өлкөлөрүнөн Кембридж университетине келип, окуп жана иштеп жаткан студенттер, аспиранттар жана окумуштуулар катышты.

Ошону менен бирге, Каныбек Иманалиев  Кыргызстандын  тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттары, кыргыз тарыхы жөнүндө баяндама жасаса, Садык Шер-Нияз англис тилинде улуттук маданияттын өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы мааниси жөнүндө өз ойлорун билдирди.

Иш-чара катышуучулары тарабынан Кыргызстандагы билим берүү жана туризмге, Кыргызстандын «Бир кур – бир жол» программасына катышуусуна, парламентаризм жана демократиялык өнүгүүгө, ошондой эле гендердик маселелерге байланыштуу арбын суроолор берилди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *