К. Исаковдун ордуна ОшМУнун ректору болуп Кудайберди Кожобеков шайланды

Мезгил

Бүгүн 5-ноябрда ОшМУнун ректорлугуна шайлоо жүрүп, ага жалпысынан 4 талапкер ат салышты. Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич,  Кошоева Бибигүл Бейшенбековна, Зулпукаров Алтынбек Зулпукарович, Эгембердиев Шайымбек Амантурович аталган кызматка өз талапкерлигин көрсөтүп натыйжада ОШМУнун ректору болуп Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич шайланды.

   Добуш берүүгө 1737 шайлоочудан 1534 шайлоочу катышты. 

Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, 1975-жылы туулган. Учурда ОшМУнун ректорунун милдетин аткарууда. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы — 22 жыл.

 Эске салсак,  ОшМУнун мурдагы ректору Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *