Каныбек Осмоналиев: Азыркы саясий кырдаал абдан оор. Жээнбеков тез арада чукул чараларга барат деп үмүттөнөм

Мезгил

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев “Учурда саясий кырдаал оор абалда, президент Сооронбай Жээнбеков абалды түшүнүп тезинен чукул чараларга баратго деп ойлойм” деген пикирин  “mezgilnews.kg” сайтына билдирди.  

– ­Азыркы саясий кырдаал абдан эле оор.  Расмий бийлик муну ар кандай шылтоо менен жаап-жашырып жатат. Чындыгында элдин кыжырдануусу күндөн-күнгө өрчүп келүүдө. Бүгүнкү кризис мурдагы эки дос, Атамбаев менен Жээнбековдун эле эрегишкен дооматтарынан келип чыкты. Жасакерлер ар кандай шылтоолорду жомоктотуп атышат. Эл ишенбей турат! Эми убагында элди каалагандай калчаган Атамбаев түрмөдөн өзүнө татыктуу болгон ордун тапты. Мындан ары жыргал заман болобу? Ишенбейм!

Анткени, экономиканы көтөрүү боюнча бир дагы реалдуу кадамдарды көрө элекмин. Баардыгы кагаз бетинде эле болуда. Дагы эле мактанмай, сыйлык-наамдарды таратмай, аш-тойлорду даңазаламай ж.б.у.с. Кадр саясатын Атамбаев кандай кылып майкандаса, азыр деле ошондой көрүнүнүш! Менимче Сооронбай Шарипович абалды адекваттуу түшүнүп турат жана тез арада, сентябрга чейин эле катуу жана чукул чараларга барат деп үмүттөнөм. Ачуу чындыкты бетке айткандарды сезиши керек. Антпесе өлкөбүз өлдү! – дейт Осмоналиев.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *