Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Тергөө абагында 4 ай отурдум. 4 жолу суралдым”

Мезгил

Жакында УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 4 айга чукул отуруп чыккан белгилүү илимпоз, коомдук саясый ишмер, ЖК мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев менен караңгы жайдагы өткөргөн күндөрүн сурап, башын куттуктоо менен азын-оолак кепке тартканга үлгүрдүк.

–Каныбек мырза, ал-абалыңыз жакшыбы? Ден-соолуктун айынан эркиндикке чыктыңыз да ээ?

–Ооба. Мени илдет 18-июндан бери эле каптай баштаган. 23-июнда «Тез жардам» сурандым. Кан басымым 180/100, дене табым – 38.3 болду. Эки саат дарыгер жанымда отурду. Анан кайталана берип, абактан Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 8-августка чейин үй камагына чечим чыкты. Азыр эки тараптуу пневмония делинип, үйдөн даарыланып жатам.

Сиз кармалган абак-жайдын абалы, кармоо мөөнөтү кандай экен? Сизге карата моралдык, психологиялык жактан басым-кысым болгон жокпу?

–УКМКнын тергөө абагына эч ким туш болбосун. Айткым келбейт! Ал эми мага карата кысым болгон жок. Ал жерде деле жакшы адамдар бар экен. Түшүнүү менен мамиле кылышты. Мен 4 ай отурдум. 4 жолу суралдым.

Жөн жерден, болбогон жерден кылтакка илингениңизди туйдуңузбу?

–Ооба. Аны баары эле туйду.

–Аксакалдык курагыңызда сиз Садыр Жапаров менен алектенбей, студенттерге бийик тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, алпурушсаңыз жалпы коомчулукка көп пайда келтирет белеңиз?

–Экөө бири-бирине жолтоо болбойт. Чындык үчүн жашоону үйрөтүү, кайдыгер болбоо – бул жаштарга чоң үлгү!

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *