Каныбек Осмоналиев дагы эки ай камакта болот

  Мезгил

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бөгөт  чарасы каралып, камактагы мөөнөтү 3-июлга чейин узартылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Чынгыз Бердимуратов кабыл алды. Бул тууралуу анын  жактоочусу Акин Токталиев билдирди.

2-мартта Ала-Тоо аянтында камактагы экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг өткөн. Акциядан кийин көпчүлүк эл Ак үй тарапка агылган. Алар менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыгып, милиция элди күч менен тараткан.

Митингден кийин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевди жана мурдагы судья Анар Дубанаеваны кармаган.

Сот алардын баш коргоо чарасын карап, 3-майга чейин камакка алуу чечимин тандаган болчу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *