Каныбек Туманбаевдин сынагынын жеңүүчүсү ким болот?

Мезгил

Ишкер Каныбек Туманбаев кезектеги саамалыгын жарыялады

Кыргыздын “Колу ачыктын – жолу ачык” – деген кебин кемелине келиштире чыгарган Каныбек Туманбаевди көпчүлүккө тааныштыруунун кажети жоктур. Бар дүйнөсүн элдин аярлуу катмарына чачып, муктаждардын ажатын ачып, түрдүү долбоорлорду уюштуруу аркылуу таланттуулардын шыгына шык кошуп, колдоп келген Какебиз кезектеги саамалыгын баштады. Кандай дебейсиңерби?

Улуу Орозо Айт майрамынын урматына кыргыз элибизге оригиналдуу каалоо-тилегин, башкаларга окшобогон куттук кебин арнаган мекендештерибиз үчүн социалдык түйүндө сынагын жарыялады. Өңгөлөргө окшобогон куттуктоо ээлери үчүн баалуу белектер коюлганын жашырган жок.

Кылдан кыйкым таап, баскан изден жамандык издеген заманда Туманбаевдин элге позитив тартуулаганы кимди болбосун сүйүнтөөрү турган кеп. Элге берген жардам миң эселеп кайтаары Куранда деле, жөнөкөй турмушта деле далай ирет далилденгени бар эмеспи. Андыктан, Какебиздин калкыбызга кылган кызматы Кудайдан миң эселеп кайтаары турган иш.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *