Канышай Мамыркулова: “Балдарга БАҢГИЗАТ САТА БЕРСЕ БОЛОБУ?”

Мезгил

Белгилүү журналист Канышай Мамыркулова коомчулукка “Балдарга БАҢГИЗАТ САТА БЕРСЕ БОЛОБУ?” суроо менен кайрылат. Чындыгында бул маселе боюнча эч кимибиз кайдыгер калбашыбыз керек. Анткени тараза ташында келечектин тагдыры турат. 

Журналисттин айтымында буга чейин НТС каналынан Роман Певцов аттуу жаран баңгизат сатууга шектелип, ИИМдин баңгизат сатууга каршы башкармалыгы тарабынан кармалып, бирок өз иш-аракетин так далилдей албай, тараптар бири-бирине кылмыш ишин козготкон. А түгүл, бул маселеге УКМК аралашууга аргасыз болгон. Акыры Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кайрадан кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы учурдагы иш-аракеттерине ылайык, иш сотко чейинки кароодо экендигин, башка коргоо чарасы жана башка маалыматтарды бере албай тургандыгын НТС каналынын кабарчысына билдирип гана тим болгон.

Алынган маалыматка караганда 12-сентябрда Свердлов райондук соту тарабынан Роман Певцовдун баш коргоо чарасы каралып, камакка алынган. Ал эми эртең шаардык сот анын апелляциялык арызын, тактап айтканда Свердлов райондук сотунун чечимин карайт. ИИМдин атын атагысы келбеген кызматкери иш Роман Певцовдун пайдасына чечилиши мүмкүн экендигин айтат. Эгер андай болсо Бишкек шаарындагы мектептерде баңгизат сатууга шектелген жаран кайрадан кылмыш жоопкерчилигинен бошоп кетүү мүмкүнчүлүгү бар -дейт Канышай Мамыркулова.

Эске салсак,  баңгизатты үзгүлтүксүз колдонуу көз каранды кылат, кээбир баңгизаттар биринчи колдонуудан кийин көндүрүүнү жаратат. Биринчиден, психикалык көндүрүү жаралат – бул кийинки дозасын алып ичүү, дээрлик эбегейсиз каалоо. Ал эми жакын арада бул көрүнүш физиологиялык болуп калат – мында адамдын организми баңгизатсыз иштебей калат. Мындай абалды “ломка” деп айтышат. Дарыгерсиз мындай абалдан чыгуу өтө оор, кезектеги доза абалды жакшыртпай, тескрисинче курчутат.

“Мен өзүм каалаган учурда гана колдоном”, “каалаган учурда таштайм” – ушул сыяктуу убадалар баңгизат менен иштебейт. Баңгиге көнүп калган организм, дозаны кайра кайра талап кылып баштайт. Организм дозага муктаж болгон сайын, баңгибизнесиндеги адамдардын чөнтөгү акчага толо баштайт. Акырындык менен баңгизат мээге терс таасирин тийгизет: акылдан кетирип, эс тутум начарлайт, натыйжасында адамды сындырып, өлүмгө алып келет. Ошондуктан келечек муундун тагдырына балта чаапкан мындай маселелерге келгенде коомчулук эч убакта кайдыгер болбош керек. Анткени бангзат улутту тукум курут кылып жоготуунун эң оңой жолу!

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси 26-июнда баңгизат өндүрүү жана аны колдонгондор боюнча иликтөөсүн о танясак, дүйнө жүзү боюнча баңгизат колдонгондордун саны мурда болжолдонгондон 56 пайызга көп. 2018-жылдагы эсеп боюнча, апийимди жана кокаинди жок дегенде бир жолу колдонгондордун саны 171 млн. жеткен.

Кокаин өндүрүшү  25 пайызга арбыган. Натыйжада анын көлөмү 1970 тоннадан ашып, рекорддук чекти багындырган. 2018-жылдагы кургакчылыкка байланыштуу Ооганстандын өзүндө апийим өндүрүү 25 пайызга азайып, былтыр анын көлөмү 7790 тоннаны түзгөн. БУУнун эксперттеринин маалыматына караганда, дүйнөдө 2017-жылы баңгизатка көз каранды адамдар да көбөйүп, медициналык жардамга муктаждардын саны 30-35 млн. жеткен.

Багизаттын адамдар көбүрөөк колдонгон түрү кара куурай экени айтылса, героин менен апийим баңгизаттын коркунучтуу түрүнө кирген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *