Каптагаев: Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу – мыйзамдуулукту калыбына келтирүү болуп саналат

Мезгил

Болуп көрбөгөндөй коррупциялык механизмдерди киргизгендиги үчүн ошол эле Тарых музейи, ЖЭБ боюнча жоопкерчиликке тартылсын. Биз Алмазбек Атамбаевге чукул арада кылмыш ишин козгоону башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон талап кылабыз. Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн аппаратынын башчысы Эмилбек Каптагаев билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин 6 жыл президенттик учурундагы ишмердигинин кесепеттери көп. Ал бийликти узурпациялап, жеке кландык түзүмүн куруп мыйзамсыз башкаруу жолуна өткөн. Ошондуктан бул боюнча Атамбаевге кылмыш иши козголушу кажет.

-Конституциянын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет. Ал эми 6-беренесинин биринчи пунктуна ылайык, Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ. Ошондуктан кол тийбестик деген саясий оюндар менен интригаларды, жаңы кабыл алынып жаткан мыйзамды ишке киребиз деген шылтоону токтотуш керек-деди Каптагаев.

Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы бүгүнкү күндө да Атамбаев курган эрежелер менен жашап жатабыз. Ошол себептен Жогорку Кеңешке койгон талабыбыз катуу. Жогорку Кеңеш чечкиндүү кадамдарга барып, Алмазбек Атамбаевдин маселеси боюнча ачык талкуу кылып, бүгүнкү бийлик мындайды кайталабашы үчүн тоскоолдуктарды жаратышы керек –деп кошумчалайт.

– Курултайды уюштурууга катышкан саясий-коомдук жана мекенчил күчтөрдүн талаптарына ылайык, былтыр кабыл алынган чечимдерге жана талаптарга кайрылууга мажбурбуз. Биринчиден, мамлекеттик бийликти узурпациялоо, уюшкан кылмыштуу кланды түзүү, саясий жана экономикалык коррупциялык иштерди уюштуруу айыбы боюнча Башкы прокуратура ага кылмыш ишин козгоого милдеттүү болчу.

Күтүп, жашынып отуруу туура эмес, себеби Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу – мыйзамдуулукту калыбына келтирүү болуп саналат. Өлкөдө Аскар Акаевдиндоорунан бери келаткан үй-бүлөлүк кландык же жеке кландык башкаруу системин бузуп, Конституциянын чегинде мыйзамдуу мамлекет куруу маселеси турат.

Бул маселе коом жана биз үчүн маанилүү. Кайрадан мурунку абалыбызга келип калбайбыз деген кепилдик жок–деди Каптагаев.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *