Каптагаев: Кыргыз тилинде журт атасы, элдин атасы деген сөз кеңири эле колдонулат

   Мезгил

Кыргыз тилинде журт атасы, элдин атасы деген сөз кеңири эле колдонулат. Мындай пикирин коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди.  

“Кыргыз тилинде журт атасы, элдин атасы деген сөз кеңири эле колдонулат, айыл өкмөт башчысына, райондун акимине, губернаторго, өкмөт башчысына жана президентке карата айтыла берет… Аны баарыбыз эле угуп жүрөбүз го… Ушул сөздү орусчага “отец народа” деп которуп алып, анын тегерегинде сөздү куюндатып, удургута берүү менимче натуура эле көрүнүш… Орусчада башка маани берип калаарын билебиз да…аны билмексенге салуу адамкерчиликке жатпайт” -деди Каптагаев. 

Эске салсак,  15-октябрда «Азаттыктын» «Эки бир» эксклюзив маегинде билдирди. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын  төрагасы Акматбек Келдибеков президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдой турганын, президент журт атасы экенин көрсөтө алганын айткан. 

– Сооронбай Шарипович президент болуп шайлангандан кийин «мен баланча партиядан келдим. Мен КСДПнын гана кадрларын, саясатын колдойм» дебей, журт атасы экенин көрсөтө алды. Оппозиция, позиция дебей, Атамбаевдин убагында куугунтукта жүргөндөрдүн эч кимисине карабай, кылган эмгегине жараша баарын мамлекеттик иш-чараларга чакыра баштады. «Менин партиялашым же Атамбаев мени колдоду эле» дебей, ошол учурда желип, уурдалып кеткен нерсенин баарын ачыкка чыгарып, жоопко тартып жатат, – деди Келдибеков.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *