Карамат ОРОЗОВА: “КСДПны чанып кайда бармак элем?”

Мезгил

–Карамат эже, Атамбаевдин балдарынын партия түзүп, саясатка өздүк адамдары менен аттануусуна кандай көз-караштасыз? Муну уккан Алмаз Шаршенович кандай ойдо болду экен?

–Экс-президентибиз А.Ш.Атамбаевдин балдарынын саясатка аттануусуна көз карашым туура. Анткени, алар ата жолун жолдоп, мекенине, элине кызмат кыла турган убагы. Себеби, экс-президенттин уулдары атасы бийликте турганда эч кандай саясатка аралашкан эмес, мамлекеттик кызматтарда да болушкан эмес. Ошондуктан, Атамбаев балдарын саясатка мурда аралаштырбаган соң, өзү эргүүгө кеткенден кийин эмне демек эле? Туура эле колдоду.

Сиз келечегиңизди мындан ары кайсы КСДП менен улантасыз? Же биротоле сиз дагы «урдум байдын кызын» – деп эшикти тарс жаап, баса берип, багыңызды башка партиядан издейсизби?

–«Менин келечегим» деген туура эмес го. Бирок, ишмердүүлүгүм накта КСДП жана Атамбаев менен уланат. КСДП бай тарыхка ээ, мамлекетибиздин өсүп- өнүгүүсүнө көптөгөн салымы бар, үч президент чыгарган, Жогорку Кеңештин үч чакырылышында өкүлчүлүгү бар, болгондо да көпчүлүк коалициясын башкарып турган партияны чанып кайда бармак элем?

–КСДП өздөрү ич ара «ит жыгылыштан» өйдө көтөрүлө албай жатса, ишмердүүлүгүңүздү кемеге чөгүп бараткан партия менен кантип улантасыз?

–«КСДП ич ара ит жыгылыштан өйдө көтөрүлө албай жатат» – деген оюңузга кошула албаймын. Мындан оор учурда да биздин партия ийгилик менен чыккан, учурдагы президентибизди көтөрүп чыккан партия. Андыктан, партия кыйын абалда турганда таштап кетүү мен үчүн туура эмес. Биздин партия чыныгы демократиялуу болгондуктан баары ачык, айрым жүрүп жатат. Менимче, негизги максат эле парламентке депутат болуу эмес. Мекенге, партияга кызматты мандатсыз да кылса болот.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *