Карамушкина “Апрель баатырларына” догурунду

   Мезгил

Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаевди колдоп чыкпайсыңар деп Апрель баатырларына нааразы экендигин билдирди.

«Мага кызык болуп турат! 2010-жылдын 7-апрелиндеги чыныгы баатырлар эмнеге үн катпайт? Сиздердин мыйзамды, Алмазбек Атамбаевди колдогонон үнүңүздөрдү эмне үчүн укпай жатабыз? Ал эмне силерге аз жардам берди беле? Ал бардык убадаларын аткарды, каржы гана эмес, батирлерди да алдыңар… Каза болгондордун жаркын элесине арнап мечит салды, көчөгө атын берди…”, – деп жазган социалдык баракчасына Ирина Карамушкина.

Иши кылса Ирина айым жоголгон балтанын сабы алтын эле деп “боздоптур”. Кыргыздын эски сый унутулат деген макалын жакшы билбесе керек да бул депутат. Элибизде өлүк улук дейт. Биз апрель окуясында каза болгондордун жакындарына акарат сөз тийгизгибиз келбейт. Бирок ошол баатыр аталгандардын арасында ар кандай кишилер да бар экендиги жашыруун эмес. Андайлар Атамбаев берген акчан эбак эле сарптап, коротуп бүтүп, берген батирлерин да сатып жибергендери бар. Дагы бирин-экини төш белгисин тапшырып, “баатыр” болгондон да баш тарткан. Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт дечү беле?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *