Карамушкина: Атамбаев Жээнбековду кечирип, түрмөгө отурууга даяр

    Мезгил

Камактагы экс-президент Алмазбек Атамбаев менен анын тарапташтары,  Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Алфия Саммигулина кечээ УКМКнын абагына барып жолугушуп келди.   Бул тууралуу Ирина Карамушкина өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.   

  “Алмазбек Атамбаев көп убакытын китеп окуу ошондой эле спорт залга барып машыгуу менен өткөрүп жатыптыр. 63 жашка чыккан киши формада болуш керектигин түшүнүптүр.  Эгерде ал  күнөөсүн далилденсе түрмөдө баары үчүн өзү олтурууга даяр. Бирок, башка балдарды чыгарыш керек. Алардын эч кандай күнөөсу жок. Ошондой эле   Жээнбековдорду кечирүүгө даярдыгын айтты», — дейт Карамушкина.

 Эске салсак, 7-8- августта Атамбаевди тергөөгө күч менен алып келүү үчүн Кой-Таштагы үйүнөн кармоо аракети болгон. Анын жүрүшүндө УКМКнын атайын даярдыктагы бир аскери каза болуп, бир нече адам түрдүү жаракаттарды алган.
Алмазбек Атамбаев 8-августта УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *