Карамушкина кирээрге “ийин” издеп калганда

Мезгил

Ирина Карамушкина өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына мындай пост калтырган:

“Мен ЕККУга бул окуяларга баа берүүнү суранып парламенттин жыйынында ачык кайрылган элем – унчугушпайт…  ЕККУнун анда эмне кереги бар? Алар Иса Өмүркулов сыяктууларды эле бапестеп багышууда, анан бири-бирин таяп-түзөмөй… Атамбаевдин учурунда депутаттар каршылык көрсөтүшчү же макул эмеспиз деп түр жасашчу, азыр болсо “оң бетине урса сол бетин тосуп беришет”, иши кылып эле депутаттык мөөнөттүн акыркы бир жылында тынч олтургузушса болду дешет… Ал эми тергөөдө Алга Кылычов сыяктуу чабалдарды “сындырып” жатышат, ал азыр абактан чыгыш үчүн баарын айтып берүүгө даяр… Жараткан эми арсыздар менен саткындарды жазалай баштаса экен деп тилейм!”.

Алга Кылычев жөнүндө туура эле айтыптыр. Демек анын абалы оор, тергөө менен кызматташууга барып, Кой-Ташта эмне болгонун төкпөй-чачпай айтып бергени калган го. Ал эми “кудай жазаласын” деп Ирина Карамушкина түштөн кийин, төө кыядан өткөн соң “кудайчыл” болуп кеткенин кантесиң. Аны мурдараак неге эстеген жоксуң деген киши жок.

Мындан бир аз мурда эле бул депутат айым Назик Матраимованын атынан “фейктер” жазган постко колдоо иретинде жооп жазган. Анысы менен Атамбаевди колдогон саркындылардын Матраимовдорго болгон кара ниетин жана бул үй-бүлөгө карата каралоо иштерин уюштуруп жаткандардын ана башында экендигин байкабай билдирип алган. Карамушкинанын учурда чет мамлекетте жүргөн Райымбек Матраимовду абакта жактан Атамбаевден өч алам деген деп, нарко бизнес менен шугулданат деп оозу кыйшайбай туруп айыптаган. Карамушкинанын бул постун окуган киши аны соо киши жазды бекен деп ойлонот.

Учурда Ирина Карамушкина Кой-Таштагы адам өлтүрүү жана башаламандыктар боюнча айыпталып, баш коргоо чарасы үй камагында олтурат. КСДПнын Сагынбек Абдырахманов жеткетеген канаты боюнча партиянын катарынан чыгарылган. Колдогон чоң кожосу болсо абаката. Айласы алты жерден кеткен учурда Кой-Таш кошогун кошуп, ЕККУга арыз жолдой койгон экен, алар ийнин куушуп тим болушуптур. Болгон ызасын “Фейсбуктан” чыгарып жаткан Ирина Карамушкина кесиптештерин да каарып өткөн.

“Чет өлкөлөргө мамлекеттин атынан сапарга чыгуу – бул азыр депутаттардын бийликтин кол баласы болуп кызмат кылып калышынын эң башкы себеби. Мына ошондуктан депутаттар өлкөдө адам укуктарынын одоно бузулушуна, күчкө салып кармап кетүүлөргө жана 7-8-вгусттагы окуялар боюнча козголгон кылмыш иштерине кош көңүл болуп, көз жумуп жатышат” – деген.

Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдынан тал карма деген макал ушул тапта Ирина Карамушкинанын абалына куп жарашып турат.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *