Карамушкинандан кем калбаган Строкова

Мезгил

Парламентте мектеп окуучуларына бериле турган ысык тамак тууралуу талкуу жүрүп жатты. Мектеп директорлорун чарба иштерине аралаштырбоо керек, алар жер иштетип, багбанчылык кылабы деген сындар айтылды. Рада Туманбаева бул иштер анчейин деле түйшүк жаратпастыгы тууралуу сүйлөдү. Улукбек Ормонов мектеп окуучуларынын ысык тамагына бөлүнгөн 7 сом акча аз экендигин, кээ бир мектептерде ал 4 сомго чейин эле жетери тууралуу айтып кетти.

Депутат Евгения Строкова мыйзам долбоорун колдоого коллегаларын чакырды. Ал 7 сом балдардын тамак-ашына аздык кыларын, ага кошумча ата-энелер да акчасын аябашы керектигин айтты. “А эмне үчүн болбосун. Бул алардын балдары да, балдарды алар төрөшкөн” – деди эл өкүлү. Строкованын кесиптеши Карамушкина бир кезде бала төрөгөн энелерге “ушундай абалга кабылганча, бала төрөөрдө ченеп төрөсө болот го” деген насаатын айткан эле. Строкованын “төрөдүңбү, демек төлө” деген таризде айтканы да Карамушкинаныкына жакындап барды.

Эске сала кете турган нерсе Кыргызстанда 2 миң 265 жалпы билим берүүчү мектеп бар. Анын 60 пайызга жакыны баштапкы класстын окуучуларына ысык тамак берүү менен камсыздалган. Тамактандырууга 600 миллион жана ага кошумча 88 миллион сом жылына бөлүнгөн. Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын саны 625 миң 767 окуучу. Анын ичинен баштапкы класстарда (1-4-класстар) 1 миң 371 окуучу билим алат.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *