Карамушкинанын оозун ким жаап, тилин ким тыят?

  Мезгил

Оозго баткан сөзүн ылгабай сүйлөп, элдин кыжырын кайнаткан Ирина Карамушкинанын ким экендиги, буга чейин эмне жумуш жасагандыгы тууралуу кеп кылалы. Атамбаевдин доорунда алды-аркасын карабай чапкылаган бул айымдын бейнесине сүртүмдөр.

 Карамушкинанын мас айдоочусу эки адамды сүзүп кетип, бири каза тапкан

Бул окуя 2012-жылдын 26-февралында Бишкек-Торугарт автожолунун 67-чакырымында катталып, 70 жаштагы карыя А. Кутманалиев каза болуп, 35 жаштагы А. Матиев оор жаракат алган. Депутаттын мас айдоочусу Алексей Хурасёв окуя болгон жерден качып кеткен. Чүй райондук соту аны оор кылмыш жасагандыгына карабай 2 жылга шарттуу түрдө камоо боюнча чечим чыгарган. Жабырлануучу тараптын материалдык чыгымдарды төлөп берүү боюнча арызы каралган эмес. “Kloop.kg” журналисттеринин иликтөөсү боюнча кийинчерээк Чүй райондук соту А. Хурасёвго карата “Мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу” деген шылтоо менен кылмыш ишин токтоткон. Ошондой эле айдоочу кырсыкты атайлап жасаган эмес, кокусунан болуп кеткен деген шылтоо менен бул иш оор кылмыштардын катарына кирбей калган (оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 10 жылга чейин созулат). Буга чейин тараган айдоочунун 2 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылгандыгы тууралуу маалымат да четке кагылган. “Кырсык учурунда Ирина Карамушкина автонун ичинде болгон” деген маалыматты жазып чыккан “24 kg” агенттигин депутат сотко берип, бирок, ал иш айдоочусу акталганга чейин токтотулган. Албетте мас айдоочуну ким калкалагандыгы түшүнүктүү да.

Карамушкинанын мас айдоочусунун ишинде Салянованын “кулагы” көрүнгөн

“Адам өмүрү Карамушкина үчүн түккө турбайбы?” деп аталган макалада жабырлануучулардын адвокаты К. Жайлообаев маалымат жыйынында 6 жыл мурдагы окуя боюнча экс-прокурор А. Салянова менен И. Карамушкинаны жоопко тартуу тууралуу айткандыгы жазылган. Карамушкина – “Андай болчу болсо 2012-жылы канча жол кырсыгы болгонун карап чыгуу зарыл. Эмне үчүн менин айдоочум катышкан жол кырсыгы гана каралышы керек? Керек болсо жол кырсыгына жогорку даражадагы чиновниктер өзү катышкан учурлар да бар. Жактоочулар кеңеши тигил адвокаттын лицензиясын алып салууга ниеттенип жатышат.” – деп бет тырмачылык кылган. Депутат айымдын “Эмне үчүн менин айдоочум катышкан жол кырсыгы гана каралышы керек?” – дегенин кантип түшүнсө болот? Бул кылмыш иши мурдагы президент А. Атамбаевдин бийлиги учурунда каралып жабылып калган. Ал эми ал кезде Ирина айымдын ишенген кожосу Атамбаев болгондугу маалым.

 Бабанов Карамушкинаны 5 миллион сомго сотко берип

Ѳмүрбек Бабанов беделиме шек келтиргендиги үчүн” деп Карамушкинадан 5 миллион сом өндүрүп берүү боюнча доо арыз менен Свердлов райондук сотуна кайрылган. Доогердин пайдасына Карамушкинадан 250 миң сом төлөп берүү чечими чыгарылган. Буга депутат айымдын Адина Турдубаеванын “Бабанов тирүү турганда түрмөдө чирип өлөм” деген сөзүн ылгабай туруп тараткандыгы, анын курулуш бизнесин Бабанов тартып алгандыгы менен айыптагандыгы негиз болгон. Карамушкина баканооздугунун азабын ар дайым тартып келген айымдардын алдыңкы сабында турат. Бабанов 250 миң сомду Карамушкинанын чөнтөгүнөн төлөтүп алдыбы, же Кой-Таш окуясына “кошумча” болсун деп калтырып койдубу, азырынча белгисиз.

Жума намаз окуган чиновниктерге каршы чыгып

Ирина Карамушкина жума намазынын айынан мамчиновниктер жумуш ордуларына кечигип келип жаткандыгы тууралуу парламентте билдирүү жасагандыгы. Буга байланыштуу Руслан Бекназаров (Азимбек Бекназаровдун уулу) депутатты мандатынан ажыратуу боюнча кайрылуу (петиция) уюштуруп жиберген. Бирок, депутат айым айткан сөзү боюнча куугунтукка алынбаш керектигин билдирип, Руслан Бекназаровду беттен алып, акаарат сөзүн жолдогон:

“Мен элдин атынан сүйлөймүн. 2010-жылда курман болгон балдардын бейнесин кордогон, Ош окуяларында өлүмгө шектелген Руслан Бекназаров деген бирөө, бүгүн конституциялык түзүлүштү алмаштырууга чакырып жатат. Муниципиалдык кызматкерлерди мыйзамга баш ийбѳѳгѳ жана мени мандатымдан ажыратуу боюнча үгүт жүргүзүп келет. Ага радикалдык көз караштары, коркутуу боюнча, мамлекеттин мыйзамдарына баш ийбөөгө чакыргандыгы үчүн, ошондой эле диний, радикалдык уюмдарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү талап кылам. Эгерде ага кошулгандардын арасында муниципиалдык, мамлекеттик кызматкерлер, мамлекеттик ЖОЖдордун студенттери болгон болсо, аларга да мыйзам чегинде чара колдонулушу зарыл!”

Ушинтип депутат айым жума намаз боюнча кѳтѳрүлгѳн маселени кебез менен муунап, Руслан Бекназаровдун эки бутун бир кончко тыгып койгон. Өлкөдөгү калктын басымдуу бөлүгү мусулман экендигин эске албай, алардын дин тутуу эркиндигин, укугун сыйлабаган Карамушкинага кыжыры кайнагандар болду.

Карамушкина “Таблиги Жамаат” тобунун аброю өсүп жатыптыр, буга УКМК кѳӊүл бурбайбы?!” – деп ЖК трибунасынан популисттик билдирүү жасаган. Бул аракети менен Карамушкина өзүн Атамбаев заманындагыдай “көзгө илинер көзүр” санап алып, күч органдарына көрсөтмө берген.

 Карамушкинага “бакан ооздугунан” улам Украинага барууга тыюу салынган

Буга депутат айымдын Марат Аманкулов менен Крымга болгон жеке сапары жана “Фейсбук” баракчасына жазган посту себеп болгон. Анда “Кыргыз депутаттары Крымда болуп кайтышты. Демек – Крым биздики дагы!” – деген жазуулар жүрөт. Крымдын аннекцияланышына 100 чакты өлкө каршылык билдирсе, Кыргызстан орто позицияны сактап, добуш бербей келе жаткан. Карамушкинаны кыргыз дипломатиясынын кызыкчылыктарын тепсеп салган.

 Чолпон Жакупова Карамушкинага чара көрүү боюнча кайрылган

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Башпрокуратура менен парламентке Карамушкинага чара көрүү боюнча кайрылган. Анын айтуусу боюнча депутат айым А. Атамбаевди сындагандарга УКМК чара көрүүсүн талап кылгандыгы, кызмат абалынан ашкере пайдалангандык болуп саналат (2017-жыл, январь). Азыр экс-президентти колдоп, аны актап-жактаган бир эле ушул Карамушкина болууда. Деги, экс-президенттин “жеке коргоочусуна” айланып чыга келген Карамушкина менен Атамбаевдин ортосун жакындаткан кандай мамиле болгон?!

 Карамушкинанын энелерди “фашист” атап, ак калпак жөнүндө айтканы

Жылдыз Жолдошева “Эгер Ирина Карамушкинага ак калпак, кыргыздын баатыр энелери, мамлекеттик тил жакпаса Кыргызстандан чыгып кетсе болот. Ал системалуу түрдө Кыргызстанга сүйүүсү жоктугун билдирип келет. Кыргызстандын аскерлери орус тилин билбейт деп даттанат” – деп билдирген. Бул Карамушкинанын Атамбаев бийлиги учурунда К. Ташиевдин камалышына байланыштуу уюштурулган энелердин митингин “фашисттерге” салыштырганда айтылган сѳз. Ирина айымдын чет өлкөгө барганда “Калпакты баняга киргенде кийсе сонун болот” деген сөзү бүтүндөй улутубуздун ыйык болуп саналган баш кийимин тебелегендик болуп саналат.

 Карамушкинага “Даӊк” медалы кайсыл “даӊкы” үчүн берилди?

Карамушкина КМУнун Тарых факультетин бүтүргөн. Пионервожатый, комсомолкатарых мугалими, тарбиячы завуч, 1995-ж. КСДПга мүчө, 2004-ж. БШК депутаты, 2007-ж. тартып Жогорку Кеңештин IV, V, VI чакырылыштарынын депутаты, 2010-ж. Убактылуу Өкмөттүн Билим берүү министринин убактылуу орун басары болгон. Чини – Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Сыйлыктары – Билим берүү тармагына байланыштуу Ардак грамота, 2011-жылы 28-февралда Президент А. Атамбаев тарабынан “Даңк” медалына, 2011-жылы 4-апрелде ошол эле А. Атамбаев тарабынан “Апрель элдик революциясынын баатыры” төш белгисине ээ болгон. Деги, апрель окуяларында Ак үйгө чабуул коюлган учурда окко учкан кайран жигиттерди сүрөп, “ураалап” ураан чакырып, тытырап атылган окко төшүн тоскон “Баатыр Карамушкинаны” көргөн жан барбы?

 Аида Касымалиева Карамушкинага: “Кой-Таш окуясына байланыштуу сиздин телефонуңузду алып койсо, Өктөм эженин уулу каза болду

Кечөө парламентте Карамушкина сөз талашып, чыр чыгарды. Анын логикасына койсо Бишкек ЖЭБ боюнча айыпталып олтургандарга президент буйрук берген имиш. Ооз бар болсо эле сүйлөгөнгө сөз табылат дегендей, Карамушкина депутат болсо эле ага оозуна келгенди сүйлөй берүүгө болобу? Президент коррупция менен күрөшүү компаниясын баштаганы чын. А бирок Сапарды, Албекти, Кеңешти, Осмонду камагыла деп буйрук бердиби? Ошол айыптуулар мамлекетти кетип “жеп” жаткан учурда, напсилерин тыйса болмок, ошондо ойлонушса болмок. Эгерде Карамушкина айткандай президент буйрук бергенде аны менен мурда партиялык иштерде, президенттик шайлоонун жүрүшүндө жылуу мамиледе болуп келген Икрам Илмиянов менен Рустам Мамановдор айыпкер болбойт эле да. Эмне үчүн Карамушкина сиз бул эки кишини күнөөсүз айыптап жатасыз деп айта албайт?

Депутат Айнуру Алтыбаева Кой-Таш окуясында каза болгон Үсөн Ниязбеков тууралуу көзүнө жаш ала сүйлөдү. “Мен да энемин” деп Үсөн Ниязбековдун энеси Өктөм эженин күйүтү басыла электиги жана Самат Курманкулов тууралуу маселе козгоду.

Вице-спикер Аида Касымалиева да тынч олтура албады. Карамушкинага карата “Эгерде Кой-Таш окуясына байланыштуу УКМК сиздин телефонуңузду алып койгон болсо, Өктөм эженин уулун алып кетти. Анын балдары атасыз калды. Самат Курманкулов өзүнө араң келип олтурат. Мурдагы пезидентпи, мурдагы депутатпы, баары мыйзамдын алдында бирдей. Сиздин бет тырмачылыгыңыздын да чеги болушу керек” – деди.

Төрага сөз бербей койгонуна таарынган Карамушикина залды таштап чыгып кетти.

 Карамушкина бизге эмне жасап берди?

Кыргыз дипломатиясына, калпагына, энелерге, тилге, ислам динине, кыргыз-түрк мамилесине, министрлердин, мэр, депутат кесиптештеринин беделине шек келтирген, 3 жолу ЖК депутаты болуп жарытылуу мыйзам жазбаган, КСДПнын “пионер вожатыйы”, эркектердин арасынан “Баатыр ата” издеген, майып бала баккан жалгыз бой энелерге “кеңеш” айткан, мас айдоочусу кишини сүзө өлтүрсө камалбаган, орус жана кыргыз тилдүү ЖМКлардын сынына ээ болуп келе жаткан Ирина Карамушкина деген ким өзү?…

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *