Каратаев: Коронавирус жуктурган ЖКтин депутаттарынын атын айтуу этикага туура келбейт

   Мезгил

Жогорку Кеңештин коронавирус жуктурган депутаттарынын атын айтуу этикага туура келбейт. Бул тууралуу Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев суроолорго жооп берип жатып билдирди.

“Жогорку Кеңештин коронавирус жуктурган депутаттарынын атын айтуу этикага туура келбейт. Алар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Бүгүнкү күндө бүт министрликтерде вирус тастыкталган учурлар катталып жатат. Ошол себептерден улам санитардык нормаларды сайтайлы. Мүмкүнчүүлүк болсо аралыктан иштеңиздер”, – деди ал.

 Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынан коронавирус аныкталганы айтылган. Алардын бири депутат бакыт Төрөбаев экендиги айтылууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *