Касаболотов: Азыркы шайлоо системасы бизде партия деген нерсе жок экенин даана көрсөттү

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин  мамлекеттин  башкаруу формасын аныктоо боюнча Баш мыйзамга  өзгөртүүнү  караган  референдум  өткөрүү  тууралуу мыйзам долбоору коомчулуктун кызуу талкуусунда.

Биз белгилүү акын, саясат таануучу Жыргалбек Касаболотов кеп президенттик же парламенттик башкарууда эмес деген пикирди карманат.

-Менимче кеп президенттик же парламенттик башкарууда эмес. Ыйгарым укуктар менен жоопкерчиликтин тең салмагында. Кимде бийлик көп болсо жоопкерчилик да ошондо көп болушу керек. Бизде чечимди президент кабыл алат, премьер жооп берет. Ал туура эмес. Кимдин колунда реалдуу бийлик болсо ошол жоопкерчилик тартсын-деп жазат Жыргалбек Касаболотов

Саясат таануучу азыркы шайлоо системасы бизде партия деген нерсе жок экенин даана көрсөткөндүгүн, партиянын белгилерин көрсөткөн бир да партия жок экендигин, аны калыптандыруу аракетинен майнап чыккан жоктугун баса белгилейт.

-Демек бир мандаттуу шайлоого эле өтүш керек. Анда бир коркунуч бар. Эгер биринчи орундарга келген эки киши мандат талаша кетсе эле талаштын аягы Бишкекке келип бир тийет. 2005-жылы ошондой болгон. Ошон үчүн экөөнү тытыштырбай бириң мандат тапшырсаң экинчиң мандат аласың деген эреже киргизиш керек дагы, кайра чакыртып алуу механизмин иштетип коюш керек. Ошондо жоопкерчилиги күчөйт. Үчүнчүдөн жарандык маселесин чечиш керек. Азыр ким 18ге чыкса эле жарандык саясий укуктар берилип атат. Ал туура эмес. Жарандык Кыргызстандын кызыкчылыгын башка бардык кызыкчылыктардан (диний, жеке, союздаштык) жогору коюуга күн мурунтан эле расмий милдеттенме алган адамдарга гана берилүүгө тийиш. Ошондо жарандардын да жоопкерчилиги күчөйт-дейт Жыргалбек Касаболотов.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *