Кашкар Жунушалиев: «Мурда соттолгондор, наркомандар бийликти басып алабыз деп шаарды тоноп, ызы-чуу салганга аракет жасашты»

Мезгил

Бүгүн, 13-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу 7-8-августтагы окуялар боюнча маалымат жыйыны өттү. Анда, тышкы иштер министри Кашкар Жунушалиев төмөндөгүлөрдү билдирди.

– Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары мыйзамды сыйлабай, коомдук тартипти бузуп, өзүнүн үйүн “Кой-Таш элдик Республикасы” деп жарыялады. Атамбаев: “Керек болсо күч колдонуп, каршылык көрсөтөм” – деп ачык айткан. Ал укук коргоо органдарынын талаптарын аткарбай 7-8-августтагы окуяларга туш болдук. 7-августта мамлекеттик укук коргоо кызматкерлери Атамбаевди алып келүү үчүн баргандарга каршылык көрсөтүп, ок чыгарды. Барган кызматкердин бирөөн өлтүрүп, бир нечесин оор жарадар кылып, калган кызматкерлерди уруп-сабап барымтага алды. Бул мыйзамды бузуубу, же өзүн коргообу? Албетте мыйзамды бузуу. Бул элди ойлобой, мамлекетти сыйлабагандыгы -деди Жунушалиев.

Бишкек шаарында 8-августтан 9-августка оогон түнү баш аламандык уюштурган топ болду. Алардын арасында мурда соттолгондор, наркомандар бийликти басып алабыз деп шаарды тоноп, ызы-чуу салганга аракет жасашты. Ошолоду уюштурган азыркы жана мурдагы депутаттар бар экенин айта кетем. Азыр тергөө жүрүп жатат. Кийин учуру келгенде алардын аты-жөнү айтыларын кошумчалады тышкы иштер министри.

8-августта операция өткөрүү чечими кабыл алынды. Мени менен 1,5 миң кызматкер бирге болду. Окуядан күч органдарынын 79 кызматкери жарат алды. Анын ичинен 2 кызматкердин абалы оор.

Биздин кызматкерлер Атамбаев колго түшүп бергенден кийин түн жарымында Кой-Таштан кайтты. Шаарды тоноого аракет кылгандардан коргодук. ЖМК өкүлдөрү маалыматты туура чагылдырып тургандыгына рахмат айткым келет, баарыңыздарга рахмат! – деди Жунушалиев.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *