Кашкар Жунушалиев Самат Курманкуловго «Эрдик» медалын тапшырды (фото)

   Мезгил

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев учурда Москвада дарыланып жаткан Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловго «Эрдик» медалын тапшырды. Бул тууралуу аталган миинстрликтен билдиришти.  

 Белгилей кетсек,  1-ноябрда  Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Курманкулов Самат Ажыгулович коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйлаган.

   Эске салсак, 7-августта Кой-Таш окуяларында Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жараат алган. Натыйжада ал комага түшүп, Москванын ооруканасына жөнөтүлгөн.

Мамлекеттин эсебинен  анын дарылануусуна 2 миллион сомдон  ашык акча бөлүнгөн. Учурда ал өз алдынча басып, сүйлөп калды.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *