Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга качан келээри айтылды

Мезгил

  Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда,  Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Тышкы иштер министри ушул жылдын 27-ноябрында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик визитине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Чынгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жыйынына даярдыктардын алкагында аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө билдирди.

Ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турчу иш-чарага Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *