Катар Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

  Мезгил

Бүгүн, 15-июлда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Катар мамлекетинин элчиси Абдалла Ахмад Аль-Сулайти жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министринен билдиришти. 

 Жолугушуунун жүрүшүндө коронавируска байланышкан кырдаал, анын социалдык-экономикалык кесепеттери, эки өлкөнүн өкмөттөрү көргөн чаралар жана биргелешкен аракеттери тууралуу айтылды. 

Элчи Катардын өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ошондой эле вирус менен күрөшүүдө, социалдык долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары дагы колдоо көрсөтүү улантыла турганын кошумчалаган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *